Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:35

Балдарга берилүүчү жөлөк пулду көбөйтүү каралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Үй-бүлөгө көмөк" же жашы жете элек балдарга берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмүн көтөрүү маселеси каралып жатканын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова парламент отурумунда билдирди.

Министр бирок канча суммага көбөйүшү ыктымалдыгын айткан жок.

Депутат Надира Нарматова ушул тапта балдарга берилип жаткан 1200 сомдук жөлөк пул баланы камсыздоого жетпей турганын айтты.

"Миң сомго бир баланы бир ай бага алабызбы? Сиз эне катары айтыңызчы? Баланын бир бут кийими миң сом турат азыр. Бут кийимден башка да кийим киет, тамак жейт".

Министр учурда башка жөлөк пул көтөрүлүп жатканын белгилеп, балдарга берилген жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүү каралып жатканын айтты. Өлкөдө кошумча жумуш орундары түзүлүп жатканын билдирди.

Жылдыз Полотованын маалымдашынча, 2022-2023-жылы "Социалдык келишим" долбоору аркылуу 100 миң сомдон алган 12 800 үй-бүлөнүн ичинен 80 үй-бүлө акчасын иштете албай, кайтарып беришкен. Аларга комиссиянын чечими менен кайрадан жөлөк пул берилген.

Ушул тапта Кыргызстанда “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулдун өлчөмү - 1200 сом. Аны 76 миң 443 үй-бүлө алып жатат.

Кыргыз өкмөтү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында “Социалдык келишим” долбоорун үч жыл мурда баштаган. Анын шарты боюнча жөлөк пул алып жаткан адам андан баш тартып, өз алдынча иш баштаса, өкмөттөн 100 миң сомдук бир жолку жардам алат. Бул үчүн арыз бергендер бизнес планын жана долбоорун социалдык мекемеге алып келип, келишим түзүшү керек.

Мындай жол менен 2022-жылы 2800 адам, 2023-жылы 10 миң киши мамлекеттен көмөк алган. 2024-жылы өкмөт бул максатта 2 млрд сом бөлгөн, бул 20 миң адамга жетет. Дүйнөлүк банктын жардамы 3 миң үй-бүлөгө берилди. Быйыл жалпысынан 16 миң 770 үй-бүлө 100 миң сомдон алды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG