Сегиз айда өрттөн 35 адам каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл сегиз айда Кыргызстанда 3 497 өрт учуру катталып, андан 35 адам каза болду. Бул былтыркы бир жылда катталган кырсыктын жана киши өлүмүнүн санына барабар.

Мындай маалыматты өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов 2-октябрда, Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди. Анын сөзүнө караганда, 2023-жылы жалпы 3498 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болгон. 2022-жылы 3137 өрт кырсыгынан 29 адам мерт кеткен.

Ушул тапта Кыргызстанда жалпысынан 91 өрттөн куткаруу бөлүктөрү бар.

Шамыркановдун маалымдашынча, бардык бөлүктөр өрт өчүрүүчү автоунаалар менен камсыздалган. Быйыл бийик кабаттуу имараттардагы өрттү өчүрүүгө ыңгайлашкан 50 метрлик шатысы бар үч автоунаа сатылып алынган. Алардын экөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында.

Жогорку Кеңеш 2-октябрдагы отурумунда “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун 1-окуудан карап жатат. (ZKo)

Дагы караңыз

"Ойноп жаткан балам ооруп калды". Рак тооруган балалыкБалдарга берилүүчү жөлөк пулду көбөйтүү каралуудаФранцияда азербайжандык активист киши колдуу болдуСоциалдык келишим алгандардын айрымдары айына 20 миң сомдон киреше таап жатканы айтылды