Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Францияда азербайжандык активист киши колдуу болду


Видади Искендерли. Архив
Видади Искендерли. Архив

Францияда бозгунда жүргөн азербайжандык оппозициячыл активист Видади Искендерли киши колдуу болду.

29-сентябрдын таңында активисттин батирине белгисиз үч киши кирип барып, 21 жолу бычак сайып кеткенин анын иниси Октай 1-октябрда "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер Искендерлинин өмүрүн сактап калуу үчүн бир суткадай күрөшкөн.

"Агам кол салгандар ким экенин, алар эмне максатта барганын билген эмес. Алар эч нерсе айтышкан эмес, бет капчан болушкан. Алардын жүзүн көрүүгө мүмкүн болгон эмес. Бул саясий буюрутма экенинен күмөнүм жок. Агама 2022-жылы да он бештей адам Францияда кол салган", - деп билдирди Октай 1-октябрда "Азаттыктын" азери кызматына.

Видади Искендерли Азербайжан бийлигинин жана 2003-жылдан бери бийлик тизгин Илхам Алиевди кескин, ачык сындаганы менен белгилүү болчу. Ал 2010-жылы парламенттик шайлоого катышып, жараян бурмалоолор менен өткөнүн айтып, жыйынтыгын тааныган эмес. Кийин ал шайлоонун расмий жыйынтыгына каршы чыгууга элди чакырып келген.

2011-жылы 3,5 жылга камалып, ар кандай кылмыштарга, анын ичинде "шайлоо комиссиясына кол салган жана ишине кийлигишкен" деп айыпталган Видади өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке каккан. Бул иштердин саясий өңүтү бар экенин билдирген.

Бир жылдан кийин ал президенттик мунапыстын негизинде абактан бошоп чыккан. Иниси жана үй-бүлөсү менен 2015-жылы Францияга чыгып кеткен.

Илхам Алиев башкарган жыйырма жылдан бери Азербайжанда саясий дискуссияларды чектеген мыйзамдар кабыл алынып, оппозиционер саясатчылар жана көз карандысыз журналисттер камалууда.

Бийлик мындай дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG