Франция АКШнын кызыкчылыгын Ирандан коргоого даярдыгын билдирди

Эммануэль Макрон

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Ирандын Израилди аткылаганын сынга алып, Тегеранга каршы АКШнын кызыкчылыгын коргоого даяр экенин билдирди.

Елисей сарайы шейшембиде тараткан билдирүүдө:

"Биз АКШнын куралдуу күчтөрүн жана кызыкчылыктарын Ирандан жана Тегеран колдогон террорчулардан коргоо үчүн бардык аракеттерди көрөбүз", - деп жазылган.

Макрон Франция Тегерандын согуштук аракеттерине каршы туруу үчүн Жакынкы Чыгыштагы аскер күчтөрүн "мобилизациялаганын" да кошумчалап, Париж Ирандын агрессиясын токтотуу жана жоопко тартуу максатында союздаштары менен иштөөнү улантарын белгиледи.

Франциянын президенти билдирүүсүндө Израилдин мамлекет башчысына кайрылып, "согуштук операцияларын мүмкүн болушунча тезирээк токтотууну" өтүндү жана Франция жакынкы күндөрү Ливандын элин колдоо боюнча жыйын уюштурарын билдирди.

1-октябрдын кечинде израил армиясы (ЦАХАЛ) Иран Израилди ракета менен аткылаганын билдирген. Өлкөнүн бардык аймактарында абадан эскертүү берилип, тургундарды бомбадан коргонуучу жайларга жашырынууга чакырышты.

Ошол эле күнү АКШ администрациясынын жогорку даражалуу расмий өкүлү Иран Израилге “чукул арада” баллистикалык ракеталык чабуул жасоого даярданып жатканын, анын “кесепеттери оор болорун” эскерткен.

1-октябрда ЦАХАЛ Ливандын түштүгүндө "Хезболла" уюмуна каршы "түз жана таамай" жердеги операция баштаганын билдирген.

“Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия. АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныйт. Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Соңку жумаларда Израил Ливандын аймагына "Хезболлага" каршы абадан сокку, анын ичинде ракеталык сокку ура баштаган. Анын жыйынтыгында уюмдун көптөн берки лидери Хасан Насралла жана бир катар командирлери набыт болду.

Иран буга чейин Израилден Насралланын өлүмү үчүн "өч аларын" эскерткен.

Дагы караңыз

Орусия: Өтмүштөгү “англосакс” сөзүнүн путинчилердин тушундагы жаңыча саясий жүгүИран Израилди баллистикалык ракеталар менен аткыладыИрандын ракеталары Израилди бутага алдыЦАХАЛ Иран Израилдин аймагын ракета менен аткылаганын билдирди"Эмаком" чыры: Жусуповдун арызы, Салиевдин кармалышы