Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

"Эмаком" чыры: Жусуповдун арызы, Салиевдин кармалышы


Алмамбет Салиев, Эмилбек Жусупов, Бакытбек Марипов. Коллаж.
Алмамбет Салиев, Эмилбек Жусупов, Бакытбек Марипов. Коллаж.

Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев кайра камакка алынды. Камакта жаткан "Эмаком" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, экс-депутат Эмилбек Жусупов Салиевге каршы көрсөтмө бергени айтылууда.

Салиев кайра кайсы берене менен камалды?

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда “ак үйдөгү” таасирдүү фигура катары аталган Алмамбет Салиевдин кайра камакка алынганын сот ырастады. Салиевдин бөгөт чарасы 26-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, 4-ноябрга чейин тергөө абагына камалды.

Соттун маалыматына караганда, Салиевге Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча иш козголуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергөө жүргүзүп жатат. Учурда атайын кызмат Салиевдин кармалганы, иштин чоо-жайы боюнча маалымат бере элек.

Тушташ камалган Салиев менен Жусупов

Ошол эле күнү 26-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда “Эмаком” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмилбек Жусуповдун да бөгөт чарасы каралып, ал 11-ноябрга чейин камакка алынды.

25-сентябрда Бишкек шаардык милициясы “Эмаком” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмилбек Жусупов Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ("Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык") айыпталып, кармалганын кабарлаган.

“Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин алкагында шектүү катары компаниянын мурдагы негиздөөчүсү жана башкы директору 1991-жылы туулган Э.Ж. аттуу жаран шектүү катары кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, - деп жазылган.

Маалыматка караганда, милицияга кайрылган жарандар ага чара көрүүнү өтүнгөн. Курулуш компаниясы үлүшчүлөргө жалпы 61 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтиргени аныкталган.

Социалдык тармактарда тушташ камалган мурдагы аткаминер Салиевге каршы экс-депутат Жусупов көрсөтмө бергенин жазып жатышат.

Камактагы экс-депутат Эмилбек Жусуповдун расмий өкүлү Канат Хасанов буларды айтып берди:

Канат Хасанов.
Канат Хасанов.

“Мен Алмамбет Салиев кимдин арызы же кандай камалганын билбейм. Бирок Эмилбек Жусупов менен Мелистин (ред.: экс-депутат Эмилбек Жусуповдун бир тууганы) көрсөтмөлөрүндө “Эмакомго” таандык Ош облусундагы эки кабат үйдү Алмамбет Салиев алып койгону айтылат. "Президенттик аппараттын орун басары болуп турганда алып койгон” (ред.: эки кабат үйдү айтып жатат) деген кагаз жүзүндөгү арызы, көрсөтмөсү бар. Эмилбек көрсөтмөсүндө "бир кезде “Эмакомдо” маселелер жаралып, аны чечип берем деген убада менен алып, убада аткарылган жок" деген, - деди Хасанов.

Хасановдун айтымында, Жусуповдун көрсөтмөсүндө “Эмаком” курулуш компаниясын Оштогу таасирдүү адамдар банкрот кылганы, алардын арасында Салиев дагы бар экени жазылган. Такталбаган маалыматтар боюнча, Салиев менен Жусуповдун ортосундагы мүлктүн баасы 600 миң доллар экени айтылып жатат.

Анткен менен Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасы каралган сотко катышкан адвокат Сюита Эрмаматова анын кармалышына экс-депутат Жусуповдун байланышы жок экенин кыскача айтты.

Эрмаматовага Алмамбет Салиевдин жакындарынын жана жактоочуларынын пикирин берүүгө даяр экенибизди билдирдик. 27-сентябрдан бери эч ким байланыша элек.

Салиевдин биринчи иши

Алмамбет Салиевди УКМК 2021-жылы июнда кармап, “мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып койгон. Атайын кызмат Салиев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда соттордун ишине активдүү кийлигишкени, расмий кирешесине дал келбеген мүлктү сатып алганы аныкталганын маалымдаган.

“Алмамбет Салиев мамлекеттик кызматта иштеген мезгилде кызыкдар жактарга каттоодон өтүп, өзүнүн расмий кирешеси менен дал келбеген мүлктү сатып алгандыгы аныкталды. Муну менен катар Салиев ушундай жол менен алынган чоң каражатты көп кабаттуу үйлөрдү жана башка соода объектилерин куруу үчүн курулуш компаниялардын бирине жумшаган”, - деп билдирген УКМК.

Салиев 2021-жылы декабрь айында Бишкек шаардык сотунун чечими менен чет жакка чыкпоо тууралуу тил катынын негизинде абактан бошогон. Анын бул кылмыш иши эмне болгону жөнүндө маалымат бериле элек. Ошол кездеги адвокаты Жыргалбек Бабаев журналисттерге Салиевдин күнөөсү жок экенин билдирген.

Алмамбет Салиев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылдын 11-декабрынан тартып 2020-жылдын октябрь айына чейин иштеди. Кызматта турганда ал "бийликтеги таасирдүү адамга айланып, сотторду жана күч органдарын көзөмөлдөйт" деп сын айтылып келген. Сооронбай Жээнбеков ал дооматтарга жооп берип, “коррупция менен күрөштүн башында турган, өсө турган жигит” деп мактаган. Кийин чыры бүтпөгөн кирешелүү "Акнет" компаниясынын чатагында дагы Салиевдин аты чыккан.

Үйсүз үлүшчүлөрдүн арманы, Жусуповдун жүйөсү

Эми Салиевге каршы көрсөтмө берди делген экс-депутат Эмилбек Жусупов жөнүндө айтып берели. Жусупов түптөгөн “Эмаком” компаниясына ондогон адамдар акчасын төлөп, бирок батир ала албай жүрүшөт.

Коомчулуктагы нааразылыктардан кийин 2023-жылы ноябрь айында Эмилбек Жусуповдун агасы Мелис Жусупов кармалган. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылганын кабарлаган.

2021-жылы парламентке “Ишеним” партиясы менен шайланып келген Эмилбек Жусупов быйыл апрелде өз арызы менен мандатын тапшырган.

Жусупов журналист Ыдырыс Исаковго кенен комментарий берип, ишкананы агасы башкарып турган учурда каржылык маселер жаралып, Оштогу таасирдүү адамдар ири суммадагы акча, мүлктөрүн коркутуп алып кеткенин айтып берген.

“Мен компаниядан кеткенден кийин Ошто, Бишкекте курулуштагы көзөмөлдү бир аз жоготушкан. Интернетке маалыматтар чыккандан кийин көзөмөлгө алайын деп агама жолуктум. Эл менен дагы жолуктук. Агама айтсам, мен кеткенден кийин эки жылдай кайсы бир кишилер менен маселе жаралыптыр, алар шаардын (ред.: Ош шаарынын) “кыйындары” экен. Үйгө чейин келип, коркутуп, Мелис агамды алып чыгып кеткен ар кандай учурлар болуптур”, - деген болчу Эмилбек Жусупов.

Жусуповдун депутат Мариповго жазган арызы

Жусупов №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округундагы кайра шайлоону жеңип келген Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Мариповго дагы каршы жазган арызы интернетке жарыяланган. Арызда УКМКга кайрылган Жусупов Марипов андан алдамчылык жол менен 300 миң долларлык мүлк жана 50-20 миң долларлык эки автоунаасын алып койгону айтылат.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Марипов анын арызы менен күч органдары териштирүү жүргүзүп, кылмыштын курамы жок болгондуктан, иш ачылбаганын билдирди. Марипов экс-депутат Жусупов менен эч кандай байланышы болбогонун айтып, арызды шайлоо алдындагы “кара пиар” деп атады.

“Миграцияда, ар кайсы жерде иштеген ноокаттык тааныштар бар болчу. Кайсы компаниядан үй алсак болот деп жүрүп, “Эмакомду" тандашкан. Ал кезде үйлөрдү жакшы куруп жаткан. Акчасын 100% төлөп, дүмүрчөк, бардык документтери менен үйүн ала албай жүрүшөт. Сунуштап койгом (ред.: тааныштарына “Эмаком” компаниясын сунуштаганын айтууда), ошону мен алды деп ойлоп алган го дейм. Ал боюнча ИИМге, УКМКга арыз жазган, бүт иликтеп чыгып, кылмыш жок экен дешкен”, - деди Марипов.

33 жаштагы Эмилбек Жусупов 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо бийликтин “Биримдик” партиясы менен катышкан. Айрым журналисттер Жусупов шайлоого ири суммадагы акча кетиргенин айтып чыгышкан. Бирок Жусупов үлүшчүлөрдүн акчасын саясий жарышка салбаганын айтканы бар.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG