Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:32

ЦАХАЛ Иран Израилдин аймагын ракета менен аткылаганын билдирди


Израилдин абадан коргонуу системасы асмандан ракеталарды жок кылууда.
Израилдин абадан коргонуу системасы асмандан ракеталарды жок кылууда.

1-октябрдын кечинде израил армиясы (ЦАХАЛ) Иран Израилди ракета менен аткылаганын билдирди. Өлкөнүн бардык аймактарында абадан эскертүү берилип, тургундарды бомбадан коргонуучу жайларга жашырынууга чакырышты.

Бир нече саат мурда АКШ администрациясынын жогорку даражалуу расмий өкүлү Иран Израилге “чукул арада” баллистикалык ракеталык чабуул жасоого даярданып жатканын, анын “кесепеттери оор болорун” эскерткен.

Израилдин коргоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, Пентагондун башчысы Ллойд Остин телефондон Ирандын ыктымал чабуулун израилдик кызматташы Йоав Галлант менен талкуулаган.

Билдирүүдө алар Израилдин “жарандарын жана аскердик жайларын коргоого ыкчам даярдыгын, ошондой эле аймактагы америкалык күчтөрдүн абалын талкуулаганы” белгиленген.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Израилге жасала турган чабуул тууралуу маалымат берген жок.

1-октябрда ЦАХАЛ Ливандын түштүгүндө "Хезболла" уюмуна каршы "түз жана таамай" жердеги операция баштаганын билдирген.

“Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия. АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныйт. Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Соңку жумаларда Израил Ливандын аймагына "Хезболлага" каршы абадан сокку, анын ичинде ракеталык сокку ура баштаган. Анын жыйынтыгында уюмдун көптөн берки лидери Хасан Насралла жана бир катар командирлери набыт болду.

Иран буга чейин Израилден Насралланын өлүмү үчүн "өч аларын" эскерткен.

XS
SM
MD
LG