Украина: Орусиянын соккуларынан сегиз киши набыт болду

Орус армиясынын Запорожье облусуна жасаган аба соккусунун кесепети. 1-октябрь, 2024-жыл. Украина.

Украинанын Херсон, Запорожье жана Сумы аймактарына орусиялык күчтөрдүн 1-октябрда урулган аба соккуларынан кеминде сегиз кишинин өмүрүн кыйылды.

"Херсонго, калаанын чок ортосуна жасалган Орусиянын соккусу. Учурда алты кишинин өлүмү ырасталды", - деп жазды украин президенти Владимир Зеленский X социалдык түйүнүнө. Ал ошондой эле дагы алты киши жараат алганын кошумчалады.

Маалыматка караганда, орус армиясынын снаряддары Херсондун борборундагы базарга жана шаардын түштүк тарабындагы автобус аялдамасына тийген. Бул тууралуу облус губернатору Александр Прокудин Телеграм аркылуу кабарлады.

Запорожьеде орус армиясы башкаруучу бомбалар менен жайкын тургундар жашаган үйлөргө жасаган соккуларынан бир кишинин өмүрү кыйылып, алтыдан ашык киши жараат алганын облус губернатору Иван Федоров билдирди.

Орусия менен чектешкен Сумы облусунда орус армиясынын соккусунан эки киши мүрт кетип, экөө жараат алганын аймактык прокуратура билдирди.

Украинада 1-октябрда "Коргоочулар күнү" белгиленип жатат. Жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат тогуздарда мекенин коргоп жатып курман болгон украиналыктарды эскерүү үчүн бир мүнөттүк аза күтүү жарыяланды.

Украинада "Коргочуулар күнү" 2014-жылы, Орусия Крым жарым аралын мыйзамсыз оккупациялап, Донецк жана Луганск облустарынын айрым бөлүктөрүн басып алгандан кийин пайда болгон.

Дагы караңыз

Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу, чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол коюлдуТарых музейинде акын Коргол Досу уулуна арналган экспозиция ачылдыШаардык сот Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасын карап, тергөө абагында калтырды