Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу, чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол коюлду


Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына 1-октябрда жарыяланды. Анда канча адамга жарандык берилгени, канчасы жарандыктан чыкканы жазылган эмес.

Маалыматта Кыргызстандын атуулдугун алгандардын басымдуу бөлүгүн теги кыргыз улутундагылар түзөрү гана кабарланган.

Президенттин кыргыз жарандыгын берүү жана жарандыктан чыгаруу тууралуу жарлыгындагы маалыматтар 2023-жылдын августунан бери жабык боло баштады. Ага чейин тизме ачык жарыяланчу.

Былтыр августта орусиялык финансист жана блогер Михаил Жуховицкийдин кыргыз паспортун "оюн үчүн" гана алып койгону катуу талкууланган. Быйыл ондогон орусиялыктар кыргыз жарандыгын алган учурлары ачыкка чыккан.

25-мартта The Moscow Times басылмасы Орусиянын саясий жана ишкер чөйрөдөгү таанымал адамдары кыргыз жарандыгын алып жатканын жазган.

“Азаттык” 2022-жылы 31-декабрда чыккан №417 жарлыктан Орусияда таанымал ондогон ири саясатчы, мамлекеттик кызматкер жана ишкерлер кыргыз жарандыгын алганын аныктаган.

"Азаттыктын" иликтөөлөрүндө соңку жылдары орус жарандыгынан баш тартып, Кыргызстандын жарандыгына кайткан кыргыздар басымдуулук кылып жатканы маалымдалган. Буга Украинадагы согушка байланыштуу мобилизация жана кийинки кездерде мигранттардын укугун чектеген мыйзамдардын көбөйүшү себеп экени айтылып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG