Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Шаардык сот Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасын карап, тергөө абагында калтырды


Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Бишкек шаардык сотунда 1-октябрда саясатчы Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасы жана козголгон иштин мыйзамдуулугу боюнча апелляциялык арызы каралды. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров билдирип, жараяндан тартылган видеону Фейсбукка жарыялады.

Видеодо саясатчы 2010-жылдагы окуяга байланышкан иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу бул боюнча кылмыш ишин козгоо мыйзамсыз болгонун сотто айтып жатканын көрүүгө болот. Эгер шектүү адам качып жүрбөгөн болсо, Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык мөөнөтү өтүп кеткен иш боюнча ал камакка алынбашы керектигин айткан.

Шаардык сот саясатчынын жана анын адвокатынын жүйөлөрүн негизсиз деп таап, Биринчи май райондук сотунун Азимбек Бекназаровду 2-ноябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечимин күчүндө калтырган.

Райондук сот Бекназаровдун бөгөт чарасы тууралуу маалымат бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Азимбек Бекназаровду кармаганы 12-сентябрда белгилүү болгон. Мекеме бул боюнча 13-сентябрда маалымат таратып, кармоону 2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысына байланыштырган. Кылмыш-жаза кодексинин "Легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо" беренеси (222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту) боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Уулу атасынын кармалышын саясий негизде деп сыпаттап жатат.

68 жаштагы Азимбек Бекназаров - Жогорку Кеңештин депутаты, баш прокурор, 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматын аркалаган. 2022-жылы 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен быйыл 14-июлда акталып чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG