Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Тарых музейинде акын Коргол Досу уулуна арналган экспозиция ачылды


Коргол Досу уулунун “Акындыкка арналган өмүр” аталган  туруктуу экспозицияcы.
Коргол Досу уулунун “Акындыкка арналган өмүр” аталган  туруктуу экспозицияcы.

Бишкектеги Улуттук тарых музейинде акын Коргол Досу уулунун “Акындыкка арналган өмүр” экспозициясы ачылды.

Экспозицияда төкмө акындын өмүр жолуна жана чыгармачылык ишмердигине байланыштуу документтер, фотоматериалдар жана жеке буюмдары коюлду.

Маданий саамалыктын катышуучулары.
Маданий саамалыктын катышуучулары.

Ак тандай акын, ырчы Коргол Досу уулу 1882-жылы Кетмен-Төбөнүн Айыкты деген жеринде туулган.

Корголдун комузчулук өнөрүнө атактуу комузчу Ниязаалы Борошев устаттык кылса, төкмөлүк өнөрүндө демократ акын Токтогул Сатылгановдун таасири чоң болгон.

Досу уулу 1936-жылы Фрунзе шаарына элдик талант катары чакырылып, Олимпиадага катышып, күү чертип, ырдап, биринчи сыйлыкты жеңип алган.

1938-жылы устаты Токтогул Сатылгановдун 75 жылдык мааракесинде ырдап, Токтогулдун мурастарын калыбына келтирүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Коргол Досу уулу дастанчы, жомокчу, мыкты аткаруучу да болгон. Өнөрпоз 1962-жылы дүйнөдөн өткөн. (MZh)

XS
SM
MD
LG