Кыргызстан Ооганстанга 120 тонна гуманитардык жардам берди

Кыргызстандан жеткирилген гумжардам. Сүрөт ӨКМге таандык. Сентябрь, 2024-жыл.

28-сентябрда Кыргызстан жиберген азык-түлүк Ооганстандагы жергиликтүү бийликтин кампасына жеткирилди. Бул жардамды президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеткиргенин мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Прездент Жапаров быйыл февралда коопсуздук боюнча аймактык жыйында жана БУУнун Башкы ассамблеясынын 75 сессиясында да Ооганстанга жардам берүүгө эл аралык коочмулукту үндөгөн.

Кыргызстандан буга чейин да оогандарга азык-түлүк, кийим-кече, балдарга оюнчук жана дары-дармек жеткирилген.

6-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ооганстандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Амин менен жолугушкан. Жапаров эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык мамилелерди, транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө, Ооганстандагы кен байлыктарды биргелешип иштетүүгө, энергетика, өнөр жай жана айыл чарба тармагында кызматташууга кызыкдар экенин айткан.

Анын алдында 5-сентябрда Кыргызстан "Талибан" уюмун ишмердигинен тыюу салынган уюмдардын "кара тизмесинен" чыгарганы белгилүү болгон.

Бишкекте ооган элчилиги 2002-жылы, ал эми Кабулда кыргыз элчилиги 2014-жылы ачылган. Ооганстанда бийликти 2021-жылы “Талибан” кыймылы басып алгандан кийин дипломатиялык өкүлчүлүктөр ишин токтоткон эмес. (ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз-казак чек арасындагы кезек көйгөйүн чечүү маселеси көтөрүлдүАКШда "Хелен" бороонунан каза тапкандар 116га жетти"Так калтырбай сабаган". Токмоктогу зомбулук, милициянын кечиккен маалыматы Израилдин Йемен жана Ливанга соккусу, Жакынкы Чыгыштагы курчуган кырдаал Вебкам иши: Даниел Ажиев тогуз жылга кесилгени белгилүү болду