Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Вебкам иши: Даниел Ажиев тогуз жылга кесилгени белгилүү болду


Даниел Ажиев. УКМК тараткан сүрөт. Архив.
Даниел Ажиев. УКМК тараткан сүрөт. Архив.

Бишкектин Биринчи май райондук соту вебкам студияларды иштетүүгө айыпталган Даниел Ажиевдин иши боюнча 31-июлда чечим чыгарганы "Азаттыкка" 30-сентябрда белгилүү болду. Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, чечимге ылайык, Ажиевге Кылмыш-жаза кодексинин 160 (“Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү”), 161 (“Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу”), 261 (“Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”) жана 215-беренелери (“Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү”) боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 220 миң сом айып салынып, мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга кесилди. Ошондой эле эки жылга чейин ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылды.

Ажиев менен кошо айыпталып жаткандардын бирине 220 миң сом айып салынып, сегиз жылга эркинен ажыратуу чечими чыгып, төрт жылдык пробациялык мөөнөт менен бошотулган.

Дагы бир айыпталуучу кылмышка тиешеси жок болгону үчүн күнөөсүз деп табылган.

Ажиев соттун чечими күчүнө киргенге чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалат.

Ажиев жана аны менен кошо айыпталгандар, алардын адвокаттары соттун чечимине комментарий бере элек.

Атайын кызмат былтыр июнда Даниел Ажиев жетектеген “трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлганын” кабарлаган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал ээлик кылган үч чоң студияда тинтүү жүргүзүлүп, 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет-сайттарда) акчага интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонулган 80 компьютер табылган.

Топтун мүчөлөрү чет мамлекеттерде да Даниел Ажиев түзгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, көп суммада киреше алып турганы жана кыздар тартылганы аныкталган. Атайын кызмат операторлор үч нөөмөт менен иштегенин, кызматкерлер болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамдан турганын кошумчалаган.

Кылмыш ишинин алкагында бул топтун активдүү үч мүчөсү кармалып, аларга айып тагылган.

Ал 31-майда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланып, УКМКнын өтүнүчү менен Өзбекстандан Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учууга аракетенген жеринен кармалып, 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлгөн.

Даниел Ажиев 2020-жылдын март айында Инстаграмдагы баракчасына муктаждарга жардам таратканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөн видео чыгарган. Ошондон кийин ага “Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу” беренеси менен иш козголуп, кармалган.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2020-жылы 3-сентябрда Жалал-Абад облусундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан психиатриялык диспансерге жөнөтүлгөн. Кийин эркиндикке чыккан.

XS
SM
MD
LG