Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:34

АКШда "Хелен" бороонунан каза тапкандар 116га жетти


АКШ, Жоржия. 2024-жылдын 27-сентябры.
АКШ, Жоржия. 2024-жылдын 27-сентябры.

АКШнын түштүк-чыгышында "Хелен" бороону кеминде 116 адамдын өлүмүнө алып келди. CBS News 30-сентябрда маалымдагандай, каза болгондор арасында балдар жана улгайган адамдар бар.

26-сентябрда бороон-чапкын алгач Флорида штатын каптап, андан кийин Жоржия, Түндүк Каролина, Түштүк Каролина, Теннесси жана Алабама штаттарына чейин жетип, үч күндөн кийин басылган.

1300 чакырымдык жерди суу каптап, жолдор жана үйлөр талкаланган, бак-дарак кулап, 2 миллиондон ашуун киши электр жарыгысыз калган.

Жоржиянын губернатору штаттын асмандан тартылган сүрөттөрүн көрүп, кырдаалды жарылган бомбанын кесепетиндей деп мүнөздөгөн.

Өлкө президенти Жо Байден бороондон жапа чеккен штаттарда өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган. Аларга калыбына келтирүү жана жардам көрсөтүү иштерине федералдык бюджеттен атайын каражат бөлүнөт.

Moody's Analytics агенттиги эсептеп чыккандай, материалдык чыгым эле 26 миллиард долларга жетет. Ал эми жалпы чыгым, AccuWeather маалыматы боюнча, кеминде 95 миллиард долларды түзөт.

Буга чейин маалымдалгандай, «Хелен» бороону АКШнын тарыхында оордугу боюнча 14-орунга чыкты. Быйылкы жылдын жай айлары, аба ырайына байкоо жүргүзүүчү мекемелер белгилегендей, эң ысык болду. Дүйнө жүзүндө абанын температурасынын жалпы деңгээли улам жогорулап жаткандыктан сел, кургакчылык, токойдогу өрт, катуу шамал, өтө ысык же өтө суук аба ырайы сыяктуу көрүнүштөр улам көбөйүүдө. Климаттын өзгөрүүсү шарттаган жаратылыш кырсыктарынын айынан адам өмүрү кыйылып, элдин жана жаныбарлардын жер которуусу көбөйүп, турак жайлар, инфраструктура талкаланууда, жер кыртышы бузулууда. (RK)

XS
SM
MD
LG