Өзбекстанда окуучуга кол көтөргөн мугалим айыппул төлөйт

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда окуучуга кол көтөргөн мугалимдин иши сотто каралып, ага 6,8 млн сум (534 доллар) айыппул салынганын 30-сентябрда «Азаттыктын» өзбек кызматы жазды. Окуя болгон күндүн эртеси мектептин директору иштен алынган.

Буга чейин эч жерде туруктуу иштебеген аял соңку он жылда Орусияга жана Казакстанга барып-келип эмгектенип жүргөнү, аталган мектепте бир нече күн мурда иштей баштаганы маалымдалды. Сот аны окуучуга атайылап денесине залака келтирген деп тапты.

Борбор калаа Ташкенттин билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя шаардагы №188 мектепте болгон – орус тил мугалими алтынчы класстын окуучусуна кол көтөргөн. Көзөмөл камерасына түшкөн видеодон окуучу бала мугалим менен адегенде айтышып жатканын, андан соң мугалим аны доска жакка түртүп чыгарып, башка-көзгө койгулап, колун моюнуна такап, урушуп жатканын көрүүгө болот. Баланын апасы Facebook'ка пост жазып, уулу мугалимге орус тил сабагында өзбекче эмес, орусча сүйлөш керек экенин айтканда чыр чыкканын билдирген. Көп өтпөй ал пост өчүрүлгөн.

Бул окуя Орусия менен Өзбекстандын ортосунда кайым айтышууга алып келген. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова орус бийлиги Өзбекстандан расмий түшүндүрмө сураганын айтып, «Эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка негизделген достук мамиледе эч кандай, айрыкча тил маселесинде, кастыкка орун жок», — деп кошумчалаган.

Өзбекстандын парламентинин мыйзам чыгаруу палатасынын вице-спикери, «Миллий тикланиш» («Улуттук кайра жаралуу») партиясынын төрагасы Алишер Кадыров окуя Өзбекстанда болуп жатканын, андыктан өлкө өз мыйзамдарына таянып териштирүү жүргүзүп аларын айткан жана «Биздин ички иштерге тынчсыздануунун ордуна өзүлөрүнүн толуп жаткан көйгөйлөрү менен алектенгени туура болмок» деп белгилеген. (RK)

Дагы караңыз

Түштүк Кореядагы элчинин ишмердигин текшерген комиссия түзүү сунушталдыУкраина Орусиянын ракета жана дрон чабуулунан төрт жараны каза болгонун билдирди"Так калтырбай сабаган". Токмоктогу зомбулук, милициянын кечиккен маалыматы Орусияда саясий туткун Азат Мифтахов шарты катаал абакка которулууда