Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:22

Түштүк Кореядагы элчинин ишмердигин текшерген комиссия түзүү сунушталды


Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилованын ишмердигин текшерип чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталды.

Мынадай сунушту 30-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков берди.

Ал элчинин ишмердиги боюнча депутаттарга Түштүк Кореядагы мекендештерден кайрылуу түшүп жатканын белгиледи.

“Биз тармактык комитет катары депутаттык комиссия түзөлү. Бизге Түштүк Кореядан жарандар кайрылып, Кыргызстанга инвестиция салабыз дегендер да чыгып жатат. Ошого байланыштуу элчинин ишмердигин текшерип чыгалы”, - деди Самаков.

Комитет төрагасы Улан Примов сунушту добушка коюп, аны жыйынга катышкан депутаттардын баары колдоду. Эми маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Аида Исмаилова ишмердигине айтылып жаткан сын-пикирлер тууралуу комментарий бере элек. Ал 2022-жылы 16-февралда Түштүк Кореяга элчи болуп дайындалган. Ага чейин парламентте депутат, 2020-жылы апрелден августка чейин социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр болуп иштеген. Коронавирус пандемиясына даярдык көрүүдөгү ызы-чуудан улам кызматын убактылуу тапшырган.

Кийин "Биримдик" партиясынын тизмесинде парламенттик шайлоого катышкан. Октябрь окуяларынан кийинки бийлик алмашкан соң жаңы өкмөттүн курамына кирбей калган. (TAb)

XS
SM
MD
LG