Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:35

Орусияда саясий туткун Азат Мифтахов шарты катаал абакка которулууда


Азат Мифтахов.
Азат Мифтахов.

Орусияда укук коргоочулар саясий туткун деп жарыялаган математик адис Азат Мифтахов шарты катаал колонияга которулмай болгонун Idel.Реалии басылмасы жазды.

Мифтаховдун тарапкерлери 28-сентябрда билдиргендей, азыркы тапта ал Свердлов облусунун Камышлов шаарынын тергөө абагында кармалууда, башка абакка аны жакынкы арада которушат.

Быйыл 28-мартта Екатеринбург сотунун өкүмү менен математик «терроризмди актаган» деген айып менен төрт жылга эркинен ажыратылган. Өзү жана жактоочулары мындай айыптоо негизсиз экенин айтып келишет.

31 жаштагы Мифтахов алты жылдык абак мөөнөтүн өтөп, бир жыл мурда абактан чыккандан көп өтпөй кайра камалган. Мындай жазага тартылышына ага Орусиянын бийликтеги «Единая Россия» партиясынын «кеңселерине өрт койгон» деген жүйө негиз болгон, өзү коюлган айыпты четке каккан.

«ОВД-Инфо» укук коргоо борбору Мифтаховго жакындарына телефон чалууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын маалымдады.

Орусияда «терроризмди актаган» деген айып соңку кезде Украинадагы согушка каршы пикирин билдирген жарандарга карата колдонулууда.

"ОВД-Инфонун" соңку маалыматына караганда, согушка каршы чыккандар арасынан кеминде 1061 кишиге иш козголду. Алардын 324ү жакыны түрмөгө, тергөө абагына камалды же мажбурлап дарылоого жөнөтүлдү. Соттолгондордун көбүнө айып Кылмыш-жаза кодексинин «терроризмди актоо» беренесинин негизинде тагылган. (RK)

XS
SM
MD
LG