Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:28

Украина Орусиянын ракета жана дрон чабуулунан төрт жараны каза болгонун билдирди


Харьков.
Харьков.

Украинада кечээтен бери Орусиянын соккуларынан кеминде төрт кишинин өмүрү кыйылганын, дагы 21 киши жараат алганын 30-сентябрдын таңында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Бутага Донецк, Херсон, Харьков, Днепропетров жана Запорожье облустары алынганы маалымдалды.

Үйлөр, социалдык инфраструктура объектилери, чарбалык ишканалар, автомашиналар талкаланганы, айрым жерлерде газ түтүктөрү иштен чыкканы кабарланууда.

Орусия, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, дүйшөмбүгө караган түнү Киев, Черкасск, Винница, Кировоград, Житомир, Полтава, Чернигов, Сумы, Харьков, Днепропетров жана Николаев облустарын башкарылуучу Х-59/69 авиациялык ракетасы, "Искандер-М" баллистикалык ракетасы, Х-31П ракетасы жана 73 Shahed дрону менен бутага алды, алардын көбү атып түшүрүлдү.

Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылдын февралында ачкан. Өткөн аптада Нью-Йоркто расмий сапарда жүргөн учурда украин президенти Владимир Зеленский орус бийлигин тынчтыкка “мажбурлап гана көндүрсө” болорун айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG