УКМК Тоң райондук сотунун төрайымы пара алууга шектелип кармалганын билдирди

УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тоң райондук сотунун төрайымы опузалап пара талап кылууга шектелип кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда 27-сентябрда ал 3 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү параны жардамчысы аркылуу алып жаткан маалда кармалган.

Судьялар кеңешинин 28-сентябрдагы чечиминин негизинде шектүүнүн бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, 17-ноябрга чейин камакка алынды.

Атайын кызмат буга чейин да бир катар судьялар пара алууга шектелип кармалганын билдирген.

Быйыл март айында Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелип кармалган. 20-мартта Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы жана ортомчу болуп иштеген адвокат 12 миң доллар параны опузалап талап кылганы аныкталганын УКМК билдирген.

Марттын башында Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы, пара алууга айыпталган Акылбек Адимов Биринчи май райондук сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 2 млн сом айып пул төлөгөн. УКМК аны Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен айыптап, 2023-жылы октябрь айында камакка алган. Кийин кайра үй камагына чыгарылган.

2023-жылы УКМК тарабынан Кыргызстандын түрдүү аймактарынан бир нече судьялар коррупцияга шектелип, камалышкан.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков системада таза эмес иштеген адамдар бар экенин "Азаттыкка" курган маегинде айткан.

Шек саналып жаткан судьялардын адвокаттары, жакындары комментарий бере элек. (TAb)

Дагы караңыз

Азияда рекорд койгон спортчу Тобокел Мамыров тууралуу китеп жарык көрдүПрезидент Жапаров 40тай жетекчиге демөөрчүлүк фондунан акча берерин айтты Президент Жапаров айдоочулук күбөлүк сатуу тыйылбай келгенин билдирди Израил Йеменде хусилер көзөмөлдөгөн портко сокку урду