Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:24

Израил Йеменде хусилер көзөмөлдөгөн портко сокку урду


Ходейда порту аткылоодон кийин. 29-сентябрь, 2024-жыл
Ходейда порту аткылоодон кийин. 29-сентябрь, 2024-жыл

Израилдин армиясы Йемендеги “Ансар Алла” радикал тобунун позицияларына, Рас-Исса портуна жана Ходейда шаарынын аймагына абадан сокку урганын билдирди. ЦАХАЛ (Израилдин армиясы) билдиргендей, чабуулга ондогон израилдик учактар тартылган.

Соккулар электр станцияларына жана хусилер Ирандан алынган курал-жаракты жана мунайды аймакка жөнөтө турган портко урулган. “Аль Жазира” телеканалы билдиргендей, порттогу терминалдардын бириндеги мунай кампасы өрттөнгөн.

ЦАХАЛ бул соккулар хусилердин Израилдин аймагын баллистикалык ракета менен аткылоосуна жооп катары урулганын белгиледи.

Хусилер көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо министрлиги чабуулдардан төрт киши каза болгонун, 30дайы жараат алганын маалымдады.

Ишембиде хусилер Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШдан келген маалда ал отурган учак коно турган Бен-Гурион эл аралык аэропортуна сокку урганын билдирген. ЦАХАЛ абадан коргонуу системасы Йеменден атылган ракетаны жок кыылганын маалымдаган.

  • Хусилер Йемендин аймагынын көп бөлүгүн көзөмөлдөп турат. Өткөн жылы октябрда алар Израилге каршы согушта АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС уюму менен бириге турганын билдирген. Ошондон бери хусилер Израилдин аймагын аткылап, дрондор менен чабуул коюп келатат. Июль айында Йемен Ирандан чыгарылган дрондор менен Тель-Авивге сокку уруп, бир киши каза болгон, он адам жараат алган.

XS
SM
MD
LG