Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:29

Президент Жапаров айдоочулук күбөлүк сатуу тыйылбай келгенин билдирди


“Унаа” мамлекеттик мекемеси.
“Унаа” мамлекеттик мекемеси.

Президент Садыр Жапаров “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин кармалышы жана айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциялык схемалар тууралуу 30-сентябрда “Кабар” агенттигине маек берди.

Ал айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык система түзүлүп, документ 40-80 миң сомдон сатыла баштаганы аныкталганын айткан.

“Болжол менен 10 пайызы сатылып кетип жатканын болжолдодук. 10 пайыз эмес, бир да айдоочулук күбөлүк сатылбаш керек. Азыркы убакта 30 жылдан бери айдоочулук күбөлүк сатып алгандар жашап жатабыз. Авариялардан жылына Кыргызстанда жүздөгөн адамдар каза болууда. Мисалы, былтыркы жылы өлкө боюнча дээрлик жети миңдей жол кырсыгы катталып, 783 адам каза болду. Согушта да мындай болбойт! Он миңден ашык адам жабыркаган. Анын бир нече миңи майып болуп калды”, - деди Жапаров.

Президент “Унаа” ишканасынын коррупцияга шектелип кармалган жетекчиси Рустам Жокоевди бул тармакты тартипке салуу үчүн дайындаганын, “таза иштеши үчүн” ага өзүнүн демөөрчүлүк фондунан айына 2 миң доллар жардам берип турганын, мындай көмөктү ал 40 жетекчиге көрсөтөрүн кошумчалаган.

"Дароо айта кетейин: менин демөөрчүлүк фондум бюджеттик фонд эмес. Ошондуктан 40ка жакын жетекчиге материалдык жардам берип турам. Анткени эмгек акылары чындыгында аз".

Садыр Жапаров “Унаага” дайындала турган жаңы жетекчиге кошумча талаптар коюларын, 40 районго автомектептерди ачуу милдети жүктөлөрүн белгиледи.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктеги айрым жетекчилер катышкан коррупциялык схема аныкталып, шектүүлөр кармалганын 28-сентябрда билдирген. Атайын кызмат канча кызматкер кармалганын так маалымдаган эмес.

Кармалгандардын бири Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору (“Унаа” мамлекеттик мекемеси) Рустам Жокоев экени белгилүү болгон. Ал 27-октябрга чейин камакка алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) менен айып тагылган.

Рустам Жокоевдин жана кармалган башка кызматкерлердин жакындары, адвокаттары комментарий бере элек.

37 жаштагы Жокоев “Унаа” мекемесинде адис, кийин жетекчинин орун басары болуп иштеп, 2021-жылы директору болуп дайындалган. 2020-2021-жылдарда Президенттин иш башкармалыгына караштуу Мамлекеттик “Ала-Арча” паркы мекемесинин директору болуп турган. (TAb)

XS
SM
MD
LG