Министр Бакетаев китеп көйгөйүн чечүүгө 8 млрд сом керек экенин билдирди

Кыргызстандагы предметтик окуу китептери. Архив.

Финансы министри Алмаз Бакетаев Кыргызстандагы мектептердин китеп көйгөйүн чечүү үчүн 8 миллиард сом керек экенин билдирди. Бул тууралуу 30-сентябрда Жогорку Кеңештеги Социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаеванын суроосуна жооп берип жатып айтты.

“Биз мектептердеги китеп жетишсиздигин чечүү үчүн жыл сайын 150-200 миллион сом бөлүп берип жатабыз. Чынын айтканда, окуучуларды китеп менен толук камсыздоо үчүн 8 миллиард сом керек. Биз Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге 12 жылдык окууга өтүп жатабыз. Жакынкы эки-үч жыл ичинде китеп маселесин чечели деп жатабыз. 8 миллиард сомдун маселесин чечүү оңой эмес”, - деди Бакетаев.

Быйыл сентябрдагы маалыматка караганда, мектептерде жалпы 147 аталыштагы 17 миллион даана китеп жетишпейт. Бул маселе ар жылы окуу башталганда көтөрүлүп, коомчулукта талкууга түшүп келет.

Акыркы эки жылда жалпы билим берүү мекемелерин окуу китептери менен камсыздоого республикалык бюджеттен 304 млн сом каралган. 2023-2024-жылдары жалпысынан 1 млн 167 миң 935 нускада окуу-методикалык комплекстер даярдалып, “Учкун” басмаканасынан басылып чыкты. Андан тышкары 2 млн 238 миң сомго 270 комплект (1 650 том) окуу китептери Брайл ариби менен даярдалып, басылды.

Сапаттуу окуу китептери менен камсыздоо максатында 2024-жылдын 6-июнунда Сингапурдун Marshall Cavendish басмасынан математика (алгебра, геометрия), илим (табият таануу, физика, химия, биология), англис тили предметтери боюнча иштелип чыккан окуу-методикалык комплекстерге мөөнөтсүз лицензия алынды. Бул китептер англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которулууда. Алар эки жылдын ичинде даярдалып, жетиштүү нускада басылат. Электрондук версиялары да даярдалат.

Мамлекеттик мектептердин китепкана фондунда 11 млн 816 миң 255 окуу китеби бар. Бул жалпы керектөөнүн 68,5% түзөт. (TAb)

Дагы караңыз

Президент Жапаров 40тай жетекчиге демөөрчүлүк фондунан акча берерин айтты Азияда рекорд койгон спортчу Тобокел Мамыров тууралуу китеп жарык көрдүПрезидент Жапаров айдоочулук күбөлүк сатуу тыйылбай келгенин билдирди Израил Йеменде хусилер көзөмөлдөгөн портко сокку урду