Жакынкы Чыгыш: Ливандагы сокку, Израилдин билдирүүсү жана Ирандын талабы

Ливан. Хасан Насралланын тарапташтарынын акциясы. 2024-жылдын 28-сентябры.

Израил "Хезболланын" лидери Насралланы «башкы террорчу болчу» деп атап, Ливандагы соккуларын улантты. Иран Израилге каршы турган бардык топторго колдоосун улантарын жарыялап, БУУнун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйын өткөрүүгө чакырды.

Эл аралык коомчулуктун Ливанда Израил аскерлеринин жөө операциясы башталып, жалпы аймак үчүн коркунуч жаралышы ыктымал деген кооптонуусу жана эскертүүлөрү айтылып жаткан чакта Израил бул өлкөнүн түштүк жана чыгыш аймактарын бомбалоону 29-сентябрда да улантты.

Нетаньяхунун билдирүүсү

Ал тапта Иран «Хезболла» тобуна каршы жасалган олуттуу соккулардын кесепети согушка алып келиши ыктымал экенин эскертти. Израил Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган бул жоочулар тобунун жана саясий партиясынын эки күн мурда жок кылынган лидерин «башкы террорчу болчу» деп атады.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иран колдогон “Хезболла” жоочулар тобунун жана саясий партиясынын көптөн берки лидери Хасан Насралланын жок кылынышы «аймактагы күчтөрдүн балансын узак убакыт алдыга» өзгөртүү үчүн зарыл кадам болгонун айтты.

  • «Хезболланы» АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Ал тапта Ирандын расмий өкүлдөрү Израилдин Ливандагы соңку чабуулдарынан улам Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чогулууга чакырды. Өлкөнүн парламент төрагасы Израилге каршылык көрсөтүп жаткан топторго дайыма колдоо болорун убада кылды.

Fars расмий маалымат агенттиги Ирандын башкы дипломаты Аббас Аракчинин Нью-Йоркто "кырдаал жарылып кетчүдөй оор экенин, жада калса согуш болуп кетиши ыктымалдыгын баары билиши керек» деп айтканын жазды.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү АКШ жана Кытай аймакта кырдаалдын курчуп кетишине жол бербөө зарылдыгын айтышты, ал эми Орусия Жакынкы Чыгышта кейиштүү кесепет жаралышы ыктымалдыгын эскертти.

Израил армиясы да, андан кийин «Хезболла» өзү да Хасан Насралла 27-сентябрда Ливандын борбор калаасы Бейрутта жапырт авиачабуулдан каза болгону тууралуу маалыматты расмий тастыктагандан кийинки алгачкы билдирүүсүндө Израилдин өкмөт башчысы Нетаньяху алдыда оңой эмес күндөр турганын эскертти.

«Насралла катардагы террорчу эмес болчу. Ал башкы террорчу болчу», — деди Нетаньяху жана аны көптөгөн израилдиктердин, башка да өлкөлөрдүн жүздөгөн жаранынын өлүмүнө айыптап, ал адам «Хезболланын» негизги демөөрчүсү Ирандын кооптуу таасирин жана саясатын күчтөндүргөнүн белгиледи.

Ливандагы азыркы чыңалуу Израилдеги былтыркы кандуу окуядан кийин Газа секторунда башталган согуштун бир жылдыгы жакындап калган чакта түзүлүп турат. Бир жыл мурда – 2023-жылдын 7-октябрында АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу Израилдин аймагына чабуул жасаган, натыйжада 1200дөй кишинин өмүрү кыйылган, алардын көбү Израилдин жайкын тургуну болчу.

Талдоочулар азыркы абал аймактагы жалпы кырдаалды курчутушу ыктымалдыгын, анткени эгер Израил Ливанда жердеги чабуулдарын баштай турган болсо кармашка Иран жана АКШ да аралашуусу мүмкүн экенин эскертип жатышат.

Израил «Хезболлага» каршы күрөшү Ливандын аймагында жөө аскерлеринин операциялары аркылуу уланышы азыркы кезде каралып жаткан ыктымал варианттардын бири экенин билдирүүдө.

Ливандагы сокку, Ирандын талабы

Ливандын расмий органдары 28-сентябрда Израилдин аба соккуларынан кеминде 33 киши каза болгонун, дагы 195 киши жараат алганын маалымдашты.

29-сентябрда Ливан кайрадан аба соккуларга кабылды. Израилдин армиясы бул өлкөдө «соңку сааттарда ондогон террордук жайлар бутага алынганын», соккулар «Хезболланын» курал-жарагы жана куралчан бөлүктөрү жайгашкан имараттарга каршы жасалганын маалымдады.

АКШ президенти Жо Байден «Хезболланын» курмандыгы болгон көптөгөн адамдар арасында миңдеген америкалыктар, израилдиктер жана Ливандын жайкын тургундары бар экенин белгилеп, ошондуктан Насралланын каза табышы «адилеттүүлүк чарасы» болгонун айтты.

Ак үйдүн расмий билдирүүсүндө айтылгандай, Байден Вашингтон «Израилдин «Хезболладан», ХАМАСтан, хусилерден жана Иран колдогон башка да террордук топтордон коргонуу укугун толугу менен колдой турганын" билдирди.

Байден ошондой эле Кошмо Штаттар “агрессияны ооздуктоо жана азыркыдан да масштабдуу аймактык согуш коркунучун төмөндөтүү үчүн” Жакынкы Чыгыштагы коргонуу позициясын бекемдеп жатканын кошумчалады.

Израил өзүнүн түндүктөгү коңшусу Ливанга жөө аскерлерин жөнөтүшү ыктымалдыгы тууралуу талкуулар жүрүп жаткан чакта Байден «атышууну токтотууга мезгил келип жеткенин» айтты.

Ал тапта Иранда Насралланын өлүмүнөн кийин өлкөнүн жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеинин буйругу менен беш күндүк аза күтүү жарыяланды.

Аятолланын өзүнүн коопсуздугун камсыздоо чаралары күчөтүлгөнү, аны өлкө ичиндеги коркунучу азыраак жерге алып кетишкени кабарланууда.

Ирандык жалпыга маалымдоо каражаттары Израилдин Бейруттагы 27-сентябрдагы соккуларынан Ирандын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» улук командирлеринин бири да мерт кеткенин жазып жатышат.

28-сентябрда Ирандын БУУдагы миссиясы Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүү тууралуу өтүнүч катын жөнөткөнү белгилүү болду. Кеңештин 15 мүчөсү бар, алардын арасынан Кытай, Орусия, Британия, АКШ жана Франция туруктуу макамга ээ.

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани Израилди "Бейруттун калктуу конуштарына карата бункерге каршы колдонулуучу миңдеген фунттук АКШ берген бомбалар менен ачыктан-ачык террордук агрессия жасады" деп айыптады.

29-сентябрда ирандык расмий басылмалар Ирандын парламент спикери Мохаммад Бакер Калибафтын Иран Израилге «каршылык көрсөтүп жаткан» топторго колдоосун улантары тууралуу билдирүүсүн жарыялашты.

«Каршылык көрсөтүүгө жардам бериш үчүн биз ар кандай деңгээлге эч ойлонбостон барабыз», — деген Калибаф АКШны «шериктеш» болду деп айыптады жана «кесепетин көрүшү керек» экенин белгиледи.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Ливандагы кырдаалды «кейиштүү эскалация» деп мүнөздөп, «өтө кооптонуусун» билдирди.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнүн бири - Орусия Насралланын өлтүрүлүшүн айыптап, «кезектеги саясий адам өлтүрүү» деп атады жана бул окуя Ливан гана эмес, жалпы Жакынкы Чыгыш үчүн «оор кесепеттерди алып келиши ыктымал» экенин эскертти.

29-сентябрда Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жаңжалдагы бардык тараптарды, айрыкча Израилди кырдаалдын басаңдашы үчүн аракет көрүүгө үндөдү.