Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Ливан: Израилдин соккусу алдында жашоо үчүн күрөш


Тир шаары Израил армиясынын авиачабуулунан кийин, 25-сентябрь, 2024-жыл.
Тир шаары Израил армиясынын авиачабуулунан кийин, 25-сентябрь, 2024-жыл.

Абу Мухаммад Ливандын түштүгүндөгү Тир шаарында 12 кабат үйдө калган эки кишинин бири. 200 миң киши жашаган шаардын тургундары 23-сентябрда Израил армиясы абадан чабуул койгондо чыгып кеткен.

"Бул жерде эми жашоо жок", - деди ошол жердеги короо жайды тазалаган Мухаммад. - Баары кетти. Жакын жердеги дүкөндөр жабык".

Израилдин "Хезболлага" каршы аба чабуулдары карапайым калкты көп жоготууга дуушар кылды. Иран колдогон, куралчан топ жана саясий партия "Хезболла" Ливандын түштүгүнүн басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөйт.

Жол жээгинде аялдар көз жарганын көрдүм. Шаар ээн, сөөктөр урандылардын арасында жатат. Аларды жерге бергенге эч ким жок.
-- Салах, үй-жайын таштап, качып чыккан тургун

700дөй кишинин каны төгүлүп, 100 миңден ашуун тургун жер которду. Израилдин "Хезболлага" каршы авиасоккуларынан миңдеген киши үй-жайын таштап, чек арага бет алды. Кошмо Штаттар "Хезболланы" террористтик уюм деп тапкан, Евробиримдик анын согушкерлер канатын "кара тизмеге" киргизген.

Жергиликтүүлөрдүн айтканына караганда өлкөдөгү төртүнчү чоң шаар Тирдеги катуу авиачабуулдардан, аткылоодон жана израил армиясынын бутасынан улам ондогон кишинин өмүрү кыйылды.

"Чукул жерге авиасокку тийгенде жакын турган ооруканага жашынганга чуркайм", - дейт Мухаммед. - Башка учурда имараттын оозунда туруп, бирөө-жарым кирип кетпесин деп кайтарам".

Жашы 30дан өтүп калган Мухаммад шаарда күйүүчү май жоктугун, электр жарыгы күнүгө бир нече саат гана берилерин айтты. Базарда баары кымбаттап, шаарда калгандар мурун камдап алган тамак-ашы менен гана күн көрүп жатканын кошумчалады.

Ушул тапта артиллериянын кулак тундурган үнү, бомбанын жарылганы, израил армиясынын учактарынын күрүлдөгөн жаңырыгы тынч турмушта Жер ортолук деңизинде эс алуучуларды кызыктырган шаарды каптаган тунжуруган тынчтыкты бузат.

Мухаммад Тир (жергиликтүүлөр Сур дешет) шаарына 2011-жылы коңшу Сирияда жарандык согуш башталганда көчүп келген. Бир нече ай мурун аялын үч баласы менен кайра Сирияга жөнөткөн.

Бирок ал өзү он миңдеген киши аргасыздан Бейрутка жана Ливандын түндүгүнө агылып жаткан маалда Тирде каларын айтат.

"Мен качкынмын", - дейт. - Эми дагы кайда барам? Кеткенге акчам да жок".

Мен качкынмын. Эми дагы кайда барам? Кеткенге акчам да жок.
-- Мухаммад, Тирде жашаган палестин качкын

Тирден Бейрутка чейин автобустун жол киреси 3 долларга жетпейт. Азыр болсо автобустар киши башына 100 доллардан алып жатканын, такси 300 доллардын ылдый ордунан жылбай калганын Мухаммад айтып берди.

Жаңжалдын жайылышы

Израил армиясынын Ливанды бомбалаганы 2006-жылкы Израил менен "Хезболланын" согушунан кийинки эле кандуу чабуул болду.

Былтыр октябрда Газа тилкесинде Израил согуш баштагандан бери эки каршылаш чек арадан бири-бирин аткылап турду. Бир жыл мурун АКШда жана Евробиримдикте террористтик деп таанылган ХАМАС радикал тобу тынч жаткан жөөт айыл-кыштактарга кол салган. Палестиндерге болушкан "Хезболла" Израилдин аймагына ракета аткан.

Израил "Хезболлага" каршы чабуулун соңку апталарда күчөттү. 17-18-сентябрда куралдуу топтун согушкерлери колдонгон электрондук жабдыктар жарылганда ондогон киши өлүп, миңдеген адам жарадар болгон. "Пейжер согуштун" артында израилдиктер турат деген доомат артылган.

Бир нече күн өтүп, айрымдардын айтканы боюнча Израилдин өтө ургаалдуу авиачабуулдары Ливандын түштүгүндө жана Бейрутта миңдеген кишини бутага алды.

Израилдик расмийлер соңку күндөрү Ливанда жердеги операцияны баштоону сунуш кылса, Кошмо Штаттар ок атууну токтотууга жетишүүнүн аракетинде.

Ливандын түштүгүндөгү Сидон шаарынан качып чыгып кетип жаткан машинелер, 23-сентбярь, 2024-жыл
Ливандын түштүгүндөгү Сидон шаарынан качып чыгып кетип жаткан машинелер, 23-сентбярь, 2024-жыл

"Биз артка кайта албайбыз"

Израил менен "Хезболланын" кармашы күчөгөн сайын анын оор запкысын карапайым ливандык жана израилдиктер тартууда.

Салах - илимпоз. Ал Тирден анча алыс эмес шаарда катарлаш коңшусунун үйүнө израил армиясынын соккусу тийгенде аялы, уулу менен качып чыккан.

"Биз шаардан чыгып жатканда жаныбызга эле ракета, снаряддар түшүп жатты", - дейт. - Биздин артыбыздагы үй кантип кыйрап калганын көрдүм".

Бейрутка чейин бир сааттай жол. Бирок Салахтын үй-бүлөсү автожолдогу миңдеген машиненин айынан 30 сааттай жолдо жүргөн.

"Шумдук болду", - деди ал. - Жол жээгинде аялдар көз жарганын көрдүм. Майы түгөнүп калган машинелер ордунда эле калган. Кээ бир машинеде 10дон киши. Кишилер машиненин багажында, чокусунда отурушту".

Салахтын үй-бүлөсү Бейрутта чакан батирде турат. Башка дагы эки үй-бүлө башкалкалаган жер израил армиясынын бутасына алынган. Ал качан үйүнө кайтып барарын билбейт.

Куткаруучулар Ливандын түштүгүндөгү айылдык дарыканага тийген соккудан талкаланган жерди карап жатышат, 24-сентябрь, 2024-жыл.
Куткаруучулар Ливандын түштүгүндөгү айылдык дарыканага тийген соккудан талкаланган жерди карап жатышат, 24-сентябрь, 2024-жыл.

"Эң оор нерсе - биз кайра кайтып бара албайбыз", - деди ал. - Эгер жакындарыбыздан кимдир-бирөөлөр көз жумса барып, акыркы сапарга узата албайбыз. Шаар ээн, сөөктөр урандылардын арасында жатат. Аларды жерге бергенге эч ким жок».

Тирден жана анын тегерек четиндеги жерлерден көптөр чыгып кетти. Бирок кете албаган же үй-жайын таштагысы келбегендер да бар.

Алардын бири - Мухаммед. Палестиналык качкындын ата-энеси ондогон жыл мурун Ливанга келип башпаанек тапкан.

"Тирге абадан катуу сокку урулду", - деди ал. - Көптөр өлүп же жарадар болду. Айлана-тегеректен аткылап жатышат. Шаардын үстүнөн учактардын күрүлдөгөн үнү такай угулуп турат".

Канчалык кооптуу болсо дагы Мухаммед үй-бүлөсү менен эч жакка кетпейт.

"Күнүбүз бүтүп, өлсөк дагы өз үйүмдө калууну эп көрдүм", - деди үч баланын атасы. "Авиасоккунун үнү угулган сайын жертөлөгө кире качабыз. Колубузду кармашып алып, жалынып отурабыз".

Макаланы авторлору: Яссин Жабер, Фруд Бежан
Которгон: Гүлайым Ашакеева
XS
SM
MD
LG