Украин портуна жасалган соккудан үч киши мерт болду

Орусиянын армиясынын аба соккусунан улам тутанган өрттү өчүрүп жатышат. 27-сентябрь, 2024-жыл. Измаил порту.

Орусиянын армиясы Украинадагы Дунай дарыясынын жээгинде жайгашкан Измаил портуна абадан жапырт сокку урганы кабарланды. Үч кишинин өмүрү кыйылып, ондон ашууну жараат алганын Одесса облусунун губернатору Олег Кипер Телеграм аркылуу билдирди. Украин данын экспорттоонун негизги түйүнү жана НАТОго мүчө Румыния менен чек арага жакын жайгашкан Измаил порту буга чейин бир нече ирет аба соккуларга дуушар болгон.

Кипер кошумчалагандай, бир катар көп кабатуу үйлөр, турак-жайлар, автоунаалар жабыркап, айрым жерлерде өрт тутанды.

Украин Аба күчтөрү тараткан маалыматка караганда, орус армиясы 27-сентябрга караган түнү үч ракета жана 32 "Шахед" дрону менен сокку урган. Учкучсуз аппараттардын 24ү абадан кулатылган. Бир дрон Румыния тарапка кеткени кабарланды.

Чек арага жакын жайгашкан Румыниянын Тулча аймагынын жетекчилиги дрон чабуулдарына байланыштуу калкка аба коркунучу тууралуу эскертти.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага түнү жасалган аба соккулар тууралуу билдирүү жасай элек.