Санарип министрлиги интернеттин үзгүлтүккө учурашы тууралуу маалымат берди

Иллюстрация.

Кыргызстанда 25-cентябрда түштөн кийин интернет түйүнү үзгүлтүккө учурады. Мындай көйгөй мобилдик операторлордо жана интернет провайдерлерде болгон.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы жогорку магистралдык каналда техникалык мүчүлүштүк кеткенин "Азаттыкка" билдирди:

“Учурда кошумча канал туташтырылды, байланышты толук калыбына келтирүү иши жүрүүдө”, - деген маалымат берди мекеменин басма сөз кызматы.

Айрым интернет операторлору да үзгүлтүк болгонун ырастап, муну жогорку магистралдык каналдагы мүчүлүштүккө байланыштырган.(TAb)

Дагы караңыз

Орусия Коргоо министрлиги менен келишим түзбөгөн тажик мигрантын депортацияладыУКМК Эркин Мамбеталиев мүлкүн мамлекетке өткөрүп бергенин билдирди Сот “Кыргызкөмүрдүн” мурдагы башчысы менен кеңешчисин актадыГазада каза болгондордун жалпы саны 41,5 миңге жетти