Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Сот “Кыргызкөмүрдүн” мурдагы башчысы менен кеңешчисин актады


Канатбек Ашырбаев жана Турсунбай Шарапов.
Канатбек Ашырбаев жана Турсунбай Шарапов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-сентябрда “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Канатбек Ашырбаев жана анын кеңешчиси Турсунбай Шараповду коюлган айыптар боюнча актап, сот залынан бошотту.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (“Кылмышка даярдык көрүү”), 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен шек саналып, 2023-жылы октябрь айында кармалган. Ошондон бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жатышкан. Канатбек Ашырбаев Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (“Шалаакылык”) менен күнөөлүү деп табылып, 70 миң сом айыпка жыгылды. Ал буга чейин камакта жатканы эске алынып, айып пул төлөөдөн да бошотулду.

Канатбек Ашырбаев былтыр “Кыргызкөмүр” ишканасынын жетекчиси болуп үч айдай иштегенден кийин кызматтан кеткен.

Ал сөз болуп жаткан мамлекеттик ишкананы 2018-2021-жылдары да башкарган. 2021-жылы август айында кармалып, кийин коё берилген. Ошондо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал Кара-Кече кенинен казылган көмүрдүн салмагын атайылап аз көрсөтүп, уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алган деп айыпталып жатканын, казылган көмүрдүн көлөмү бир жылда 370 миң тоннага, акчасы 600 миллион сомго аз көрсөтүлгөнүн маалымдаган.

Жетекчиси кармалганда “Кыргызкөмүрдүн” ошол кездеги эмгек жамааты президент Садыр Жапаровго кайрылып, “туура, объективдүү иликтөө жүргүзүүнү камсыздап берүүнү” өтүнүшкөн. Биринчи май райондук соту Канатбек Ашырбаевди бул иш боюнча да актаганы кабарланды. (BTo)

XS
SM
MD
LG