Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

Газада каза болгондордун жалпы саны 41,5 миңге жетти


Газа.
Газа.

Газа секторунда дээрлик бир жылдан бери уланып келе жаткан согуштун айынан каза болгондордун жалпы саны 41 495 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн 25-сентябрда ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, соңку 24 саатта каза болгондор 28 киши.

Жараат алгандар согуш башталган күндөн тартып 96 006 кишиге жеткени кабарланды.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган.

АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү Газадагы согушту токтотуу үчүн ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келе жатышат, бирок алардан азырынча так жыйынтык чыга элек.

ХАМАСтан тышкары Израил азыркы тапта аталган топтун Ливандагы союздашы, Иран колдогон "Хезболла" тобу менен да кармашууда. (RK)

XS
SM
MD
LG