Украина Запорожьеде Орусиянын соккусунан жети киши жараат алганын билдирди

Запорожье. 2024-жылдын 25-сентябры.

25-сентябрга караган түнү Орусия Украинага соккуларын улантты. Соңку бир нече күндөн бери бутага алынып келаткан Запорожье облусунда өткөн түнү жети киши жараат алганын аймактык администрация башчысы Иван Фёдоров билдирди.

Анын айтымында, жарадар болгондордун биринин абалы өтө оор деп мүнөздөлүүдө.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, түндө Днепропетров, Харьков, Киев, Черкасск, Кировоград, Сумы, Полтава, Николаев, Одесса жана Херсон облустарынын аймагына түрдүү типтеги сегиз ракета жана 32 согуштук дрон учурулду. Дрондордун 28и, ракеталардын төртөө жок кылынганы кабарланды.

Кечээ Украинанын экинчи ири шаары Харьков Орусиянын кезектеги чабуулуна кабылып, кеминде үч кишинин өмүрү кыйылган, 24 киши жараат алган.

Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылдын февралында ачкан. Бул күндөрү Нью-Йоркто расмий сапарда жүргөн украин президенти Владимир Зеленский орус бийлигин тынчтыкка “мажбурлап гана көндүрсө” болорун айтты. (RK)

Дагы караңыз

«Хезболла» Израилдин аймагына баллистикалык ракета учурдуЗеленский Орусияны "тынчтыкка мажбурлоо гана мүмкүн" экенин айттыӨкмөт Кызыл-Омполдон титаномагнетит өндүрүлө баштаарын билдирдиЧүй облустук соту Алга Кылычовду 10 жылга абакка кескен өкүмдү күчүндө калтырды