Зеленский Орусияны "тынчтыкка мажбурлоо гана мүмкүн" экенин айтты

Владимир Зеленский.

Орусияны тынчтыкка «мажбурлап» гана алып келсе болот. Мындай пикирин 24-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде сүйлөп жатып украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Өз сөзүндө ал Иран менен Түндүк Кореяны Орусияга Украинага каршы колдонууга курал-жарак берип, «кылмыштуу ишке көмөкчү» болуп жатышат деп айыптады.

Орусия президенти Владимир Путин «ушунчалык көп эл аралык нормаларды жана эрежелерди бузганын, өзү эми токтобой турганын» айткан Зеленский Орусияны бул согуштагы жалгыз агрессор жана БУУнун Уставынын бузуучусу катары тынчтыкка мажбурлоо жолу гана калганын белгиледи.

Зеленский Путин менен сүйлөшүү «акылсыздык» болорун кошумчалап, Иранды жана Түндүк Кореяны «украиналыктарды өлтүрүп жаткан курал-жаракты берген, иш жүзүндө Европадагы согуштун кошо катышуучусу» болуп жаткан өлкөлөр деп атады.

Жыйын алдында Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Украинанын Москванын дарегине айтылган «клондолгон сын сөздөрүн» угуу ниети жок экенин айткан, бирок орусиялык делегация Зеленский сүйлөп бүткөнчө залда болду.

Бүгүн 25-сентябрда Зеленский БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөйт, андан соң АКШ президенти Жо Байденге Украинанын «жеңиш планын» тартуулайт. Ал тапта Орусия 2022-жылдын февралында баштаган агрессиясын улантып, Украинанын чыгышында жай болсо да улам алдыга жылууда. (RK)

Дагы караңыз

Өкмөт Кызыл-Омполдон титаномагнетит өндүрүлө баштаарын билдирдиЧүй облустук соту Алга Кылычовду 10 жылга абакка кескен өкүмдү күчүндө калтырдыЖергиликтүү кеңештерге шайлоого 500 миң сомго чукул акча кетет26-сентябрдын аба ырайы