Косово сербдер колунан каза тапкан полиция кызматкерин эскерди

Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. 2023-жыл.

Косоводо бир жыл мурда куралчан сербдер тобунун колунан ажал тапкан этностук албан полиция кызматкерин эскерүү иш-чарасы өттү. 24-сентябрдагы эскерүү жыйынына өлкөнүн жогорку бийлик өкүлдөрү катышты.

Ички иштер министрлиги полиция кызматкеринин өлүмүнө айыпталгандардын айыптоо корутундусу “толук эмес” болуп жатканын, анткени алар кол салууга Сербия бийлигинин катыштыгы бар экенин моюнга албаганын билдирди.

Премьер-министр Албин Курти маркумдун туулуп-өскөн шаарына барып, жакындары менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө анын өлүмү үчүн Сербия жооптуу экенин, бул өлкөнүн жетекчилиги ушул жана башка да “террордук кол салуулары” үчүн жоопко тартылышы керектигин айтты.

Белград 2023-жылдын сентябрында Косоводо сербдердин православ монастырынын аймагындагы ондогон куралчан кишинин кол салуусуна тиешеси жоктугун айтып келет. Анда полиция кызматкери каза болуп, дагы бир киши жараат алган. Куралчан топтун арасынан үчөө ошол жерден жок кылынган, калгандары Косовонун Сербия менен чек арасындагы аймакта изин жашырып кеткен.

Бул окуя Сербиянын жана чек арадагы аймактарынын көбүндө этностук сербдер отурукташкан Косовонун ортосундагы кырдаалдын курчушуна алып келиши ыктымал деген кооптонууну жараткан.

Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлүн 1999-жылы жоготкон. Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110дой мамлекети тааныды. Сербия Косовону өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин расмий Белграддын башкы союздаштары саналган Кытай менен Орусия да тааныбай келет.

Косовонун 1,8 миллиондой калкынын 92 пайызын албандар, алты пайызга жакынын сербдер түзөт. Сербдер Косовонун түндүк аймактарында басымдуу.

Быйыл март айында эки өлкөнүн президенттери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинде айыптаган билдирүүлөрдү жасашкан.

Косово президенти Вьоса Османи Сербияны "Косовонун түндүгүндөгү этникалык сербдердин косоволук институттарга интеграция болушуна жол бербей жатат" деп, ал эми Сербиянын президенти Александр Вучич "дүйнө бул аймакта жашаган сербдердин оор абалына жетиштүү көңүл бурбай келет" деп айтышкан. (RK)

Дагы караңыз

Трамптын уулу серб ишкерлери менен кызматташтыкты талкуулады"Куликовский" кондитердик үйүнө 20 миллион сом айып салындыБеларус украин балдарын "өз элине душман" кылып тарбиялап жатканы тууралуу баяндама чыктыМикронасыя: Жакырга жардамбы же сүткорлукпу?