Кыргызстандын мыйзамында экинчи аял алууга тыюу салынса да, бул кызматты сунуштаган агенттиктер иштеп келет. Алар "ислам принциптери менен үй-бүлө курууга жардам беребиз" деп, ал үчүн акы алышат. Арасында атайын түзүлгөн агенттиктер дагы бар. Алсак, 2022-жылы “Аль-Хаят” деген нике агенттиги ишин баштаган.
Алар жаштарды тааныштырып, үй-бүлө курууга жардам беребиз дегени менен, анкетанын ичине “көп аялдуулукка кандай карайсыз?” деген суроону камтый кетишкен.
Аталган нике агенттиги Инстаграмдагы баракчасында “экинчи аял болуп тийүүнү каалагандар барбы?” деп сурамжылоо дагы жүргүзгөн. Анкета толтуруп жаткан кыз-келиндердин, кардарлардын арасында чет элдиктердин дагы сүрөттөрүн байма-бай чыгарып турган. Нике агенттигине таанышуу үчүн келген түгөйлөрдүн жолугушуусунан тартылган сүрөттөр дагы арбын.
Баракчаны убагында коомчулукка белгилүү айрым ырчы, блогерлер дагы жарнамалап, колдоп чыгышкан. Бирок акыркы эки жылда бул нике агенттигинин социалдык түйүндөгү баракчасы жаңыланбай, дымып калган. Ошентсе дагы анын дарегин сурап, кызыккандар жок эмес.
Бул сымал агенттиктер аркылуу түгөйүн издеп, кош никеге тушугуп калгандардын бири - Майрам. Күйөөгө экинчи аял болуп тийген. Жүзүн ачып, атын атагысы келген жок. Жолдошу менен эки жолу гана жолугуп, үчүнчүсүндө никесин кыйдырып алышкан:
"Ал кезде "Никах кейжи" деген сайт чыккан. Ошол сайтка кирип, издей баштадым. Бирок мен “экинчи аял болуп тием” деп такыр ойлогон эмесмин. Болгону түбөлүккө жар издеп киргенмин. Бир жарым жылдай отургам. Аягында чыгып кетейин деген кезде жолдошум менен кезигип калгам. “Биринчи аялым оорулуу”, “Төшөк маселеси көйгөй болуп жатат” деп айткан. Ошол үчүн макул болгом да. Негизи исламда айлап, жылдап жүргөнгө болбойт. Үч жолу жолукканга болот деп айткан. Биринчи жолу жолукканда жөн эле бири-бирибизди көрүп, кетип калганбыз. Экинчи жолу жолукканда жактырып калыптыр. Үчүнчүсүндө никеге турганбыз".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жолдошу Майрамды жашыруун кармаган. Туугандары менен дагы катыштырган эмес. Кайын-журту экинчи аял катары кабыл алышкан эмес. Жыл айланбай жубайлар балалуу болушкан. Баласы Даун синдрому менен төрөлгөнүн укканда жолдошунун мамилеси кескин сууп кеткенин айтат:
"2-3 айга келгенде балам ооруп калды. Балам ооруп, бейтапканага жатып калганда, мамиленин башкача болуп жатканын сезип калдым. Ооруканага басып келмек түгүл, телефон чалбай койду. Бала тууралуу сураган жок. Өзүм чалсам, жооп бербейт".
Айласы кеткен келин талагын алып, эки ажырым жолго түшүшкөн. Андан бери Майрам Даун синдрому менен төрөлгөн уулун бутуна тургузам деп жалгыз өзү алпурушуп келет.
Майрам сөз кылган нике агенттиктери экинчи нике үчүн кызмат көрсөтөрүн ачык айтышпайт. Биз мындай агенттиктердин бир нечеси менен байланышууга аракет кылдык, бирок андан майнап чыккан жок. Алар соцтармактагы баракчаларын бат-баттан алмаштырып турары белгилүү болду. Интернет желесинде экинчи аял болуп тийүүгө даяр экенин жарыя кылган билдирүүлөрдү көп эле кездештирүүгө болот.
Кыргызстандын мыйзамдарында кош никеге тыюу салынган. Ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бирок экинчи аялды алып жаткандар көбүнесе никесин биринчисинен жашырып коюшаарын дин кызматкерлери деле четке какпайт:
- Эгерде ал чындап мурунку турмушунан ажыраган же күйөөсүнүн көзү өтүп кеткен болсо, анда биз никени кыйып коё беребиз. Алар бир үй-бүлө болуп жашай беришет. Ал никелүү жашоо болуп эсептеле берет.
- Биринчи аялы уруксат бербесечи?
- Уруксатын бербесе деле. Бирок уруксатын алган жакшыраак, - дейт “7-апрель шейиттери” мечитинин имамынын орун басары Таштемир Эшматов.
Кош никеде эркектер жаңы алып жаткан жубайына биринчи аялы тууралуу айтпай жашырып коюшат. “7-апрель шейиттери” мечитинин имамынын орун басары Таштемир Эшматов экинчи аял болуп тийип жатканын билбей, кийин балалуу болуп калгандан кийин кайрылгандар көп экенин айтат:
- “Эми билбей тийип алыптырмын”, “Биринчиси бар экен”, “Андан балам бар, эми эмне кылам?” деп келишет. Биз “Жашай бер эми. Балаң болсо, жашай бер” дейбиз. Ошол үчүн кыз өзүнүн укугун билиши керек.
Кош никеде жашап жүргөндөр арбын болгону менен, баары эле өз окуясын айтып берүүгө даяр эмес. Алсак, 36 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну учурда жолдошу экинчи аял алам деп ээлигип жатканын, бул үчүн интернеттеги агенттиктердин кызматын колдонууга аракет кылганын айтып берди. Каарманыбыз коопсуздугунан коркуп, камерага ачык сүйлөп берүүнү каалаган жок:
“Мен 18 жашымда турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүз жашаганыбызга 16 жыл болду. Ортобузда 4 балабыз бар. Туугандардын үйүн ижарага алып жашайбыз. Жолдошум намаз окубайт, бирок эки аялдуулукту аябай колдойт. Алгачкы жолу Чубак ажы экинчи аялын ачыктаганда, ал дагы экинчи аял алам деп чыкты. Мен каршы болгондо, ал оюнан кайткандай болгон. Бирок эми кайра экинчи аял алам деп жатат. 16 жыл чогуу жашап, 4 бала төрөп берсем дагы барктабаса, аны менен жашап эмне кылам деп отурам. Ажырашып, башка аял ала бер десем дагы макул эмес, ал экөөбүз менен тең жашагысы келет. Азыр 4 баланы багыш үчүн экөөбүз тең иштейбиз. Үйүбүз жок. Экинчисин каякка алып барат, түшүнбөйм”.
Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар менен иштешкен “Сезим” кризистик борборунун негиздөөчүсү Бүбүсара Рыскулова экинчи аял болуп тийип, кийин турмушу бузулган учурлар арбын экенин билдирет:
“Көбүнчө биринчилери кайрылат. Экинчиси деле кайрылат. Бир мисал келтирсек болот: бизнесмендердин үй-бүлөсү балалуу болушпаптыр. Ажырашайын десе, эркектин бизнеси аялына өтүп кетет. Бала да керек деп туруп, бирөөнү алдап, 3 баланы төрөтүп, андан кийин кууп жиберишкен. Жылына балдарды удаа төрөтүп, өзүлөрүнө каттатып алышкан”.
Мындай көрүнүш бар экенин 25 жылдан ашуун мезгилден бери аялдардын укугу үчүн күрөшүп келген мусулман аялдардын “Мутакалим” уюмунун башчысы Жамал Фронтбек кызы да четке какпайт:
"Күнүгө эле чалат десем болот. Кээде экиден, үчтөн... Айрым учурларда кеңсеге дагы “экинчи аял экенимди билбептирмин, ал дагы үчүнчүнү алып атат” деп келишет. “Мени бакпай атат. Менин атыма насыя алып, качып кетти”, “Батирге киргизип коюп, акысын төлөбөй качып кетти” дегендер дагы жок эмес. Ар кыл, бул жашоодо адамдан амал качып кутулбайт экен да".
Ошол эле маалда толук кандуу агенттик түзүлбөсө дагы, социалдык түйүндөрдө баракчалар ачылып, экинчи аял алууну каалагандарга же болбосо кош никеге макул болгондорго аянтчалар арбын.
Шарият жолу менен деп, бир-эки жолу гана кезигип, үчүнчүсүндө баш кошкондор көп узабай эки ажырым жолго түшүшөт. Кош никенин айынан ара жолдо калгандар жардам сурап, муфтиятка чейин кайрылышат. Бирок дин башкармалыгынын адистери насаат айтуу менен гана чектелишет.
Кыргызстанда кош никеге туруунун себептери арбын. Алардын бири жеке кумар дейт муфтияттын адиси.
“Биздин мырзалардын катасы - алар узакты максат кылбайт. Өзүнүн кумарын каалайт да. “Жакшынакай экен”, “мага жагып калды, сүйүп калдым” деп эле алат”, - дейт Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Алибек Батыралиев.
Кыргыз коомунда ажырашууга сын көз менен карашат. Ошондуктан көпчүлүк аялдар кандай болгондо дагы үй-бүлөнү сактап калууга аракет кылышат. Айрымдар кош никеге дагы аргасыз макул болушат.
“Бизде кээ бирде “жаныңда аю болсо дагы, эркек болсун” деген аялдар бар да. “Таптакыр эчтеке жоктон көрө ал таксист болсо дагы келип, кранды оңдоп, акча берет” деп туруп эле тийип алышат”, - дейт “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова.
“Биздин коомдо “эркек 2-3-аялды ала турган болсо, анда ал тың, бай эркек турбайбы” деген стереотип бар. Анан эркектер "кыйындыгын", социалдык статусун көрсөтүү үчүн экинчи аял алат. Кыз-келиндерди айта турган болсок, 24төн ашканда эле эмнегедир ички дүйнөсүндө коркунуч пайда боло баштайт экен да. “Мен кара далы болуп калып калам, күйөөгө тийиш керек” деп өзүнөн улуураак күйөөгө тийип алышат экен”, - дейт юрист Ракия Рахматова.
Сабатсыздык жана дин тууралуу түшүнүктүн аздыгы коомчулукта кош никеге жол ачып жатканы айтылат. "Мутакалим" коомдук уюмунун башчысы Жамал Фронтбек кызы айрымдары аяттарды толук билбей, туура эмес түшүнүп калганын айтты:
“"Ниса" сүрөөсүнүн үчүнчү аятында 2-3-4-аял алгыла, эгерде силер адилеттүү боло алсаңар деген. Бирок кайра эле ошол кийинкисин окусак, силер адилеттүү боло албайсыңар деп атат да. Анан ошол жарым аятты жулуп алып эле, “мен алсам болот” деп эле жашап, жашоосунда кыйынчылык жаралганда 2-3-аялын жөн эле таштап коюп атышат да. Балдарын деле карабайт”.
Юристтердин баамында, көп аялдуулуктун саны өсүп жатканына молдолор ооз эки сөзгө ишенип, нике кыйып жатканы себеп. Мындан улам алар нике кыюунун алдында жарандардан үй-бүлөлүк абалын тастыктаган же болбосо ажырашкандыгын далилдеген күбөлүктү талап кылуу эрежелерин киргизүү керектигин билдиришет.
Нике кыюуда диний уюмдар менен мамлекеттин ортосунда бирдиктүү саясаттын жоктугу дагы өзүнчө бир маселе. Алсак, Кыргызстанда кош нике үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Ошол эле маалда муфтият көп аялдуулукка тыюу салбайт экен.
“Биз имамдарга деле эскертебиз, “эгерде бирөө экинчи турмушка нике кыйып койгула деп келсе, мисалы да, сөзсүз ошол экинчи аял алып жаткан адамдын абалын сураштыргыла, ал ким, ал акыйкатта берген убадасын аткарып, камсыздай алабы, мүмкүнчүлүктөрү барбы, эмне себептен алып жатат, максаты эмне, ниети кандай? Анан аны билгенден кийин, тактагандан кийин нике кыйгыла, тактабастан нике кыйып койбогула” деп түшүндүрөбүз да”, - дейт Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Алибек Батыралиев.
Ошол эле маалда дин кызматкерлери кошумча маалыматты тактабай эле жашыруун нике кыйып коёрун биздин каарман Майрамдын окуясы далилдеп турат. Анткени экинчи аял кылып, жашыруун баш кошуп жаткан түгөйлөрдүн никесин эки тараптан күбөлөр келбесе деле кыйып коюшкан.
“Никебиз мечиттен кыйылган. Күбө катары ошол мечиттеги имам, дагы 2-3 кызматкер болгон”.
“Көпчүлүк учурда бизде эркектер экинчи аялдарын батирге жашатып коюшат. Анан “эч кимге чалба, эч кимге айтпа, мен сенден балалуу болгум келбейт, сен унчукпай гана отуруп тур” деп жатышат да”, - дейт “Мутакалим” коомдук уюмунун башчысы Жамал Фронтбек кызы.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2023-жылы 25 миң нике катталган. Анын ичинен канчасы кош нике экени белгисиз. Бирок 2-3-аял болуп жашап, ажырашып кеткендер арбын экенин дин кызматкерлери жашырышпайт.
2019-жылы катуу талаш-талкуудан соң Кыргызстандын кодексине өзгөртүү киргизилип, кош нике үчүн 2 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы алып салынып, акчалай айып пул же коомдук иштерге чегерүү жазасы киргизилген. Бирок Ички иштер министрлиги аталган берене боюнча бүгүнкү күнгө чейин бир дагы жаран жоопкерчиликке тартыла электигин билдирет:
“Жогоруда көрсөтүлгөн беренеге ылайык, 2021-жылы жана 2022-жылы Жайыл районунда бирден факты катталган. Аталган фактылар Чүй облусунун Жайыл райондук ИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 176-беренеси менен кылмыш иштери козголуп, тергөө иштеринин жыйынтыгы менен аталган фактыларда кылмыш иштин курамы жок экендиги аныкталып, кылмыш иштери өндүрүштөн кыскартылган”.
Юристтердин баамында, колдонуудагы Кылмыш-жаза кодекси менен кош никедеги жаранды жоопко тартуу мүмкүн эмес деп эсептешет. “Эркектин эки же андан көп аялдар менен жалпы чарба жүргүзүү менен чогуу жашоосу" деген сүйлөм алардын колун бууп салганын айтышты. Көп аял алган эркекти жоопко тартуу үчүн анын аялдары бир короодо жашап, жалпы чарба жүргүзүп, аялдардын бирөөсү арыз жазышы керек. Бирок экинчи аял алган эркектер жубайларын эки бөлөк жашатышат дейт адистер.
Убагында укук коргоо уюмдары, активисттер, юристтер аялдары эки бөлөк, бирок кош никеде жашаган жарандарды жоопко тартуу үчүн мыйзамдагы "жалпы чарба жүргүзүү менен чогуу жашоосу" деген сөздөрдү алып салууну сунушташкан. Бирок демилге колдоо тапкан эмес.
“Эркек 2 аялы менен бир үйдө жашап, чарбаны экөө чогуу жүргүзгөндө дагы, эч кимиси арыз жазбай коёт. Анткени алар эркекке материалдык жактан көз каранды. Экөө 2 жакта жашап, бирөөсү арыз жаза турган болсо, жоопкерчиликке тартуу керек деген биздин сунуштар талкуулардан өтпөй калган. Билбейм, бул жакта депутат эркектердин кызыкчылыгы барбы, же башка дагы кызыкчылыктар барбы, мен аны айта албайм эми”, - дейт Ракия Рахматова.
Адистердин айтымында, Кыргызстанда баш кошуп жаткандар расмий түрдө каттоодон өтмөйүнчө молдолорго нике кыюуга жол бербей, документти талап кылбай, нике кыйгандарды жоопко тартуу чараларын көрүү керек. Болбосо мечиттерде толтурулган нике журналдары кош никени алдын алууга эч шарт түзбөйт.
“Экинчи аял болобу, үчүнчүбү, төртүнчүбү, мамлекет буларды үй-бүлө катары эсепке албайт. Демек, кийин булар ажыраша турган болсо, эгерде ал киши өз балдарын кабыл алгысы келбесе, мүлктү бөлүштүрүүдө ал балдар эч кандай укукка ээ эмес. Мыйзам буларды мамлекеттин коргоосундагы үй-бүлө деп эсептебейт”, - дейт “Мутакалим” коомдук уюмунун башчысы Жамал Фронтбек кызы.
Кош нике боюнча кырдаалды тиешелүү органдар колго алып, ирээтке салганга чейин анын таасири бүтүндөй үй-бүлө мүчөлөрүнө тийүүдө деп психологдор кабатыр. Айрыкча айымдар менен полигамиялуу үй-бүлөлөрдө чоңойгон балдарга оор болорун психолог Чынара Термечикова билдирет:
“Тынчсыздануу, коркуу, ызалануу, ич күйдүлүк, намыстануу деген ушундай көп сезимдер коштойт. Эми ар бир терс сезим адамдын жалпы психологиясына, жан дүйнөсүнө терс таасирин тийгизет. Андай кесепетке дуушар болгондон кийин, албетте, жан дүйнө, ичтеги болуп жаткан кабатырлануу, ызалануу, кайгыруу сөзсүз түрдө ден соолукка таасирин тийгизет".
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2023-жылы 45 495 нике расмий түрдө катталган. Расмий ажырашуулардын саны 12 552ге жеткен. Мечиттердин журналдарына 2023-жылы 25 000 нике катталган.