Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:27

Өзбекстанда көп аялдуулукту жактагандар жазаланабы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда көп аял алууну коомго жайылткандарга, аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун тааныбагандарга жаза колдонуу сунушталууда. Шейшембиде өзбек парламентинин Төмөнкү палатасы тийиштүү мыйзам долбоорун эки окууда карап, жактырды.

Документке ылайык, коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү да административдик жазага тартуу каралган. Буга коомдо утур-утуру көп аялдуулукту жактаган видеолор себеп болгону айтылууда.

5-сентябрда Өзбекстандын Олий Мажлисинин төмөнкү палатасында "Кылмыш жана административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске" өзгөртүү жана толуктоо киргизилди. Анда көп аялдуулукту жактагандарды жазалоону сунушталды.

Депутаттар жактырган мыйзам долбоорунда улутуна, расасына жана динине карай жарандын артыкчылыгын же кемчилигин пропагандалагандар үчүн да жоопкерчилик киргизүү каралды.

Документке ылайык, коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү да административдик жазага тартуу каралган. Мыйзам долбоорунда башкалардын диний, улуттук, этностук өзгөчөлүгүнө карай басынткандардын, мыйзамдуу никеси жокторго диний нике кыйгандардын жоопкерчилигин кароо да белгиленген. Бирок долбоордо бул аракеттер үчүн кандай административдик жоопкерчилик киргизилери так жазылган эмес.

Документте көрсөтүлгөн жоопкерчилик чаралары Франция, Австрия, Дания, Бельгия, Болгария, Швейцария, Түркия, Марокко, Казакстан, Индия жана Индонезия сыяктуу өлкөлөрдө колдонулары баса белгиленген.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы улуттар аралык ынтымакты мындан да бекемдөөгө, диний толеранттуулукка жана аялдар менен балдардын укуктарынын ишенимдүү корголушуна шарт түзөрүн белгилешти.

Өзбек депутаттар экинчи окууда кабыл алган мыйзам долбоору эми Сенат жактырып, президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Күйөөсүнө экинчи аял "белек" кылган өзбек блогери кечирим сурады

Өзбекстанда белгилүү блогер Гулзада Абдуллаева 9-августта күйөөсүнүн туулган күнүнө "экинчи аял белек кылганын" видеого тартып, Инстаграмдагы баракчасынан бөлүшкөндөн кийин соцтармактарда чоң талкууга жем таштаган.

Кийин Абдуллаева бул видео менен жакындарын тамашага салганын, полициядагы суракта Өзбекстанда көп аялдуулукка мыйзам чегинде тыюу салынганын билгенин айтып, кечирим сураган.

"Менин бул видеомду туура эмес түшүнүп алышты. Темасы туура эмес коюлуп калган. Мен муну полиция кызматкерлерине да түшүндүрдүм. Жолдошум экөөбүз эми гана көп аялдуулук биздин өлкөдө кылмыш экенин билдик", - дейт өзбек блогер.

Көп өтпөй дагы бир өзбекстандык блогер Шахноза Соатова 10-августта Фейсбук баракчасына өлкөдө көп аял алууну пропагандалоо адатка айланганын жазды. Андан соң бул талаш-талкуу кызыды:

"Өзбекстан светтик өлкө болгондуктан биз Кылмыш-жаза кодексинде көп аял алууну кылмыш катары аныктаганбыз. Бирок эмнегедир азыр болуп жаткан массалык маалымат каражаттарынын агрессивдүү пропагандасына баары, айрыкча жооптуу адамдар унчукпай отурушат. Кайсы каналды ачпаңыз, бардык жерде көп аялдуулук тууралуу сериалдар көрсөтүлөт. Instagram менен Youtube бул темага толгон".

Өзбек блогер азыркы кырдаалды “Конституцияда аныкталган системага жана багытка каршы үгүттөө” деп сыпаттайт.

"Көп аял алуунун негизги коркунучтарынын бири - бул коомдун моралдык негиздеринин бузулушу. Бул үй-бүлөгө каршы багытталган кылмыш жазасына кирет. Ошондуктан аны жайылтуу жоопкерчилиги да белгилениши керек. Мыйзамга каршы үгүт иштерин жүргүзүп жаткандарга эмне үчүн чара көрүшпөйт? Биздин Конституцияда Өзбекстан светтик мамлекет деп жазылган", - деп жазат Соатова.

"Азаттыктын" өзбек кызматы менен байланышып, ысымын атагысы келбеген башка бир блогердин айтымында, парламентте кабыл алынган мыйзам долбоору өлкөдөгү социалдык чыңалууну күчөтүшү ыктымал.

"Бул мыйзам долбоору көп аял алууга уруксат берген ислам динине ишенгендерди бутага алууда. Өкмөт эгер көп аялдуулукту алдын алууга аракет кылып жатса, анда никесиз жашаган жубайларды да жазалашы керек", - дейт ал.

Абдурахман Ташанов.
Абдурахман Ташанов.

"Эзгулик" адам укуктары коомунун төрагасы Абдурахман Ташановдун айтымында, көп аялдуулукту мыйзам менен чектөө коомдо кызыкчылыктардын карама-каршылыгын жаратышы мүмкүн.

"Бир нече жыл мурун мага Юстиция министрлигинин кызматкерлери келип, Өзбекстандын Жогорку Соту никедеги адамдарды мыйзамсыз жазалоо боюнча юридикалык экспертти жиберебиз деп айтышкан. Чынында эле жүздөгөн адамдар мыйзамсыз жазаланган, анткени шарият никесин соттой турган документ жок болчу. Бирок бүгүнкү мыйзам долбоору менен аларды жазалоого негиз бар", - дейт Абдурахман Ташанов.

Бирок өзбекстандык укук коргоочу эми Кодекстерди координациялоо керек экенин эскертет. Ал Өзбекстанда Үй-бүлө кодекси шарият менен кыйылган никени тааныбайт, бирок Административдик кодекс аны куугунтукка алып жатса, адилеттүүлүк болбостугун айтат.

"Kөп аял алуу" беренеси менен 38 киши соттолгон

Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинде көп аялдуулук үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган жана мындай кылмыш жасаган адам 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ал эми жаңы мыйзам долбооруна ылайык, жаран жоопкерчиликке тартылышы үчүн диний никеде жубайлар болуп жашашы жетиштүү. Ал эми жарандык нике менен жашаса, мыйзам аларды жоопкерчиликке тартууга жол бербейт.

Дал ушундай "мамиленин" негизинде укук коргоочулар каралып аткан жаңы мыйзам долбоору дин тутуу эркиндигине каршы аракет катары каралышы мүмкүн экенин баса белгилешүүдө.

Өзбекстанда көп аялдуулук (полигамия) үчүн 2010-жылы Гүлистан шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Рахим Худойбердиев кызматтан алынгандыгы, ал эми 2012-жылы Сурхандарыя облусунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Якуб Нормуродов соттолгону маалымдалган.

2015-жылы Бириккен Улуттар Уюму өзбек бийлигин полигамия, эрте никеге туруу жана күчтөп нике кыюу көрүнүштөрүн токтотууга чакырган эле.

Өзбекстанда үйлөнүү үлпөт тою.
Өзбекстанда үйлөнүү үлпөт тою.

Өзбекстанда көп аялдуулук маселеси алгач ирет 2019-жылы расмий деңгээлде көтөрүлгөн. Өлкөдөгү көп аялдуулук жана анын кесепеттери жөнүндө имамдардын жыйынында президент Шавкат Мирзиёев өзү айтып чыккан.

Ошондой эле коңшу Өзбекстанда 2018-жылдан 2023-жылдын июль айына чейин "Эки жана андан көп аял алуу" беренеси менен 38 киши соттолгонун Жогорку Соттун маалымат кызматы 3-августта жарыялаган.

2022-жылы расмий Ташкент сакал-мурут койгондорго кайрадан көзөмөлдү күчөткөнү тууралуу маалыматтар да байма-бай чыга баштаган.

Дин тутуу эркиндиги боюнча эл аралык комиссиянын 2022-жылдагы корутундусунда Мирзиёев президенттикке келгенден бери Өзбекстанда диний эркиндик пайда болгону менен, абал анчейин дурус эместиги белгиленген.

Ал эми Кыргызстанда дагы "Үй-бүлө жөнүндө кодекс" бир гана расмий никеге уруксат берет. Мыйзам боюнча эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган.

Коомчулукта көп аялдуулук темасы ачык талкууланып же иликтене элек. Ошондон улам бул маселени ачык көрсөткөн статистика да жок.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG