Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Өзбекстанда "көп аялдуулук" беренеси менен беш жылда 38 киши соттолгон


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда 2018-жылдан 2023-жылдын июль айына чейин "Эки жана андан көп аял алуу" беренеси менен 38 киши соттолгон. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы жарыялаганын 3-августта"Озодлик" радиосу жазды.

Өзбекстанда көп аялдуулукка үч жылга чейин эркинен ажыратуу жана минималдык эмгек акынын эсебинен 150 эсеге чейинки айып пул төлөө жазасы каралган.

Көп аялдуулук маселеси Өзбекстанда көп жылдан бери талкууланып келет. Алгач ирет 2019-жылы расмий деңгээлде көтөрүлгөн. Өлкөдөгү көп аялдуулук жана анын кесепеттери жөнүндө имамдардын жыйынында президент Шавкат Мирзиёев өзү айтып чыккан.

2015-жылы Бириккен Улуттар Уюму өзбек бийлигин полигамия, эрте никеге туруу жана күчтөп нике кыюу көрүнүштөрүн токтотууга чакырган.

Кыргызстанда дагы “Үй-бүлө жөнүндө кодекс” бир гана расмий никеге уруксат берет. Мыйзам боюнча эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган.

Коомчулукта көп аялдуулук темасы ачык талкууланып же иликтене элек. Ошондон улам бул маселени ачык көрсөткөн статистика да жок.

XS
SM
MD
LG