Орусия Украинанын сегиз аймагына 85 дрон жана ракета менен сокку урду

Украина. Запорожье.

Украина Запорожье аймагы кайрадан Орусиянын чабуулуна кабылганын, кеминде бир киши каза болгонун, дагы төрт жергиликтүү тургун жараат алганын 24-сентябрда билдирди. Полициянын маалыматына караганда, жарадар болгондордун экөө балдар.

Облустук администрация башчысы Иван Федоров инфраструктура объектилери, айрым жерлерде үйлөр талкаланганын айтты. Полиция кээ бир райондордо адамдар эвакуация болгонун маалымдады.

Шейшембиге караган түнү, өлкөнүн Аскердик-аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия Украинанын түндүк жана борбордук тилкесиндеги сегиз аймагына (Киев, Житомир, Черкасск, Винница, Кировоград, Полтава, Сумы жана Николаев облустары) Shahed согуштук дрондорунан жалпысынан 81ди учурду, абадан коргонуу системалары алардын 66сын атып түшүрүүгө үлгүрүштү.

Жанкечти дрондордон тышкары бул жолу орусиялык аскерлер Украинага каршы баллистикалык «Искандер-М», башкарылуучу авиациялык Х-59/69 ракеталарын, жалпысынан куралдын бул түрүнөн төртөөнү колдонгону да маалымдалды.

Полтава облустук администрациясы Орусиянын соккусунан энергетика ишканалары жабыркаганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги өткөн түнү Белгород, Курск жана Брянск облустарынын аймагында Украина учурган учкучсуз учактардан 13тү атып түшүргөнүн кабарлады.

Украинанын расмий бийлик өкүлдөрү билдиргендей, 23-сентябрга караган түнү Орусия өлкөнүн түштүгүндөгү Запорожье шаарына бир нече авиа сокку урган, натыйжада көп кабаттуу үйлөрдүн айрымдары талкаланып, кеминде 13 жайкын тургун жараат алган. Жараат алгандардын арасында 15 жаштагы өспүрүм бала бар экени маалымдалган.

Ички иштер министрлиги бир нече имараттан адамдар эвакуация кылынганын, Орусия КАБ бомбаларын колдонгонун билдирди.

Оруcия бийлиги 2022-жылдын февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери шаар-кыштактарынын мектеп, бала бакча, оорукана, таза суу жана энергетика тармагы сыяктуу жарандык инфраструктурасын талкалап, адамдарын өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагып келүүдө.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар Орусиянын куралдын көптөгөн түрү менен жасалып жаткан соккуларын атайын чабуул катары баалоодо. (RK)

Дагы караңыз

Акаев, Шеварднадзе, Янукович. Бийликтен куулган постсоветтик президенттерБосния жана Герцеговинада акция уюштурган студенттерге кол салуу болдуБөтөн тилдин үстөмдүгүнөн качан арылабыз? Кыргызстан–Украина кызматташтыгы талкууланды