Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү сурап, Жогорку Кеңешке кайрылганы 5-сентябрда маалым болгон. Акаевдин кол тийбестиги 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен алынган.
Постсоветтик мейкиндикте кызматтан мөөнөтүнөн мурда кеткен мурдагы мамлекет башчылар азыр кайда? Алардын укуктук макамдары кандай? “Азаттык” ушул суроолордун жообун издеп көрдү.
Парламент өтүнүчтү четке какты
Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылышы анын Кыргызстандагы мурдагы президент катары ишмердигин кайра баалоо боюнча талкууларга жол ачты.
Аскар Акаев 2005-жылы элдик толкундоонун аркасында кызматтан кеткени менен, экс-президент катары макамы сакталып калган. Аны кол тийбестигинен беш жылдан кийин Убактылуу өкмөт ажыраткан.
Убактылуу өкмөт 2010-жыл, 12-августтагы декретинде Акаев бийликте турган кезде шайлоолорду бурмалаган, элге каршы ок аткан, чек араларды туура эмес чечкен деген сыяктуу айыптооолор менен аны кол тийбестигин алып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечимин чыгарган.
Бирок Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү сурап, Жогорку Кеңешке жазган арызында 2010-жылы Убактылуу өкмөт аны кол тийбестиктен Конституцияны жана мыйзамдарды бузуп ажыратканын белгилеген. Ошондуктан ага экс-президент макамын кайтарып берүү маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүүнү өтүнгөн.
Бул маселе боюнча президент Садыр Жапаров пикирин билдирип, Акаев бул тууралуу аны менен кеңешпегенин жана бул ишти Жогорку Кеңеш өзү чече турганын айткан.
Жапаров парламенттин чечиминен кийин да Акаевдин айланасындагы талкуулар тууралуу комментарий берди. Ал 26-сентябрда "Кабар" агенттигине берген маегинде жаңы Кыргызстанды түптөөдө анын салымы чоң экенин, бирок менчиктештирүү, айыл чарба тармагында бир топ кемчиликтерди кетиргенин билдирди.
“Мына кечээ Жогорку Кеңеш да экс-президент макамын берүүдөн баш тартып коюптур. Ошондуктан баарыбыз өткөндөн сабак алып, азчылык көпчүлүккө баш ийишибиз керек. Мен дагы бир жолу кайталайм. 99 жолу жакшы иштерди жасап, 1 жолу жаңылсаң, эл кечирбейт. Адам баласынын жашоосунда табият ушундай экен. Жакшы иштериң тез эле унутулуп калат. Жаман иштериң эч качан унутулбайт. Ага капа болуштун кереги жок. Ошондуктан биз катачылык кетирбегенге аракет кылалы. Тез-тез жаңыланууларды, тез-тез өзгөрүүлөрдү, өнүгүүлөрдү жасап туралы. Мына ошондо эл баалайт, эл сыйлайт”, - деди президент.
Мыйзамга ылайык, экс-президент макамы кол тийбестик жана бир нече маанилүү юридикалык, социалдык артыкчылыктарды берет.
Экс-президенттер кылмыш жоопкерчилигинен корголуп, алар бийликте турган учурундагы ишмердиги үчүн тергөөгө жана соттук иштерге тартылбайт (бирок бул иммунитет парламент тарабынан алып салынган учурда күчүн жоготушу мүмкүн, Алмазбек Атамбаевдин мисалындай). Мамлекеттик күзөт бөлүнүп, өмүр бою кайтарууда болот.
Экс-президент макамына ээ болгон адам мамлекет тарабынан өмүр бою айлык жана башка каржылык, социалдык колдоолорду алат.
Анан, албетте, экс-президенттер расмий иш-чараларга чакырылып, коомдук иштерге аралаша алат. Бул аброй саясий жана коомдук турмушка катыша берүүгө мүмкүндүк түзөт.
Талдоочулардын айтымында, Аскар Акаев өзүнүн экс-президент макамын калыбына келтирүү менен, каржылык камсыздоого кызыкпаса да, өзүнүн укуктук абалын жана аброюн чыңдоону каалашы мүмкүн. Бул макам калыбына келсе, Акаевге жоопкерчиликке тартылуудан коргонуу мүмкүнчүлүгүн да күчөтөт. Анткени анын бийликте турган кезиндеги, Аксыда элге ок атуу сыяктуу окуялардагы орду боюнча пикирлер ар дайым көтөрүлүп келет.
Кыргызстанды 15 жыл башкарган мурдагы президент быйыл ноябрда 80 жашка чыгат.
Аскар Акаев башкарган жылдар
Аскар Акаев 1991-жылы Кыргызстан эгемендик алгандан кийин өлкөнүн биринчи президенти болуп шайланган. Анын баштапкы жылдары либералдык реформалар жана демократиялык идеялар менен коштолуп, Акаев Батыш тарабынан "демократ президент" катары таанылган. Бирок убакыт өткөн сайын анын башкаруу режиминде авторитардык элементтер көбөйүп, өзгөчө үй-бүлөлүк башкаруу, коррупция жана саясий оппозицияны басмырлоо сыяктуу көйгөйлөр күчөй баштаган.
Акаев бийликти бекемдөө, президенттик укуктарын кеңейтүү жана өзүнүн мөөнөтүн узартуу максатында бир нече жолу Конституцияны өзгөртүүгө барган. Алар Акаевдин авторитардык башкарууга ыктап жатканын көрсөтүп, саясий оппозициянын жана элдин нааразылыгын күчөткөн.
2005-жылы март айында парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон элдин каршылык акциялары кеңири кулач жайып, "Жоогазын революциясы" деп аталган элдик толкундоо жаралган. Акыры 24-мартта демонстранттар Бишкектеги Өкмөт үйүн басып алышып, Акаевди бийликтен кетүүгө аргасыз кылышты. Ал ошол эле күнү үй-бүлөсү менен Москвага качып кеткен.
Көп өтпөй Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде парламенттик комиссия менен сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын жазып берген. Бирок ал бийликтен кулатылышын легитимдүү эмес деп эсептеп, эл аралык медиадагы маектерде өзүнө коюлган айыптарды четке каккан. Мурдагы президент Орусияда жашап, окумуштуу катары изилдөөлөрүн уланткан.
Акаев бийликтен кулатылгандан кийин өлкөнүн саясий турмушуна аралашпай, Кыргызстанга келбей жүрдү.
Анын Кыргызстан менен байланышы Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин кайра жанданды. 2021-жылы Акаев күтүүсүздөн Кумтөр иши боюнча суроолорго жооп берүү үчүн Кыргызстанга келип, кенге байланыштуу иликтөөлөргө жардам бергени жана өлкөнүн бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү белгилүү болду.
Мурдагы президенттин бул сапары Кыргызстандагы коомчулукта ар түрдүү реакция жаратты. Айрымдар Акаевдин кайтып келишин позитивдүү кадам деп баалашса, кээ бирлери аны өзүнүн бийликтеги мезгилинде кеткен кемчиликтер жана коррупциялык иштер үчүн жоопко тартылышы керектигин билдиришкен.
Акаевдин анда берген маалыматтары Кумтөрдү Кыргызстанга алууда жардамы болгону айтылган. Ошентип, 2021-жылдан кийин анын Кыргызстанга келип-кетип туруусуна жол ачылган.
Туңгуч президент азыркы учурда дагы деле Москвада туруктуу жашап, негизинен илимпоз катары ишмердигин улантууда.
Акаев Кыргызстандын саясий турмушуна аралашпаса да, өлкө менен байланышы сакталып турат. Кез-кезде коомдук жана медиа аянтчаларда айрым маселелер боюнча пикир билдирип келет.
Курманбек Бакиев - качып кеткен экинчи президент
Акаевдин макамы 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен алынган. Ушул эле декрет менен Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиевдин да кол тийбестиги жокко чыгарылган.
Бакиев 2005-жылы мартта Кыргызстандагы "Жоогазын революциясынын" натыйжасында президент болуп, бийликке келген. Анын башкаруусу башында реформалык аракеттери менен коштолсо да, тез эле авторитардык режимге ооп кеткен. Бакиевдин башкаруусунда үй-бүлөлүк кландык башкаруу күч алып, өлкөдө коррупция, саясий куугунтук күчөгөн.
Бакиевдин башкаруусунун акыркы жылдары Кыргызстанда бир нече кандуу окуялар жана саясий киши өлтүрүүлөр менен коштолгон.
Мисалы, 2009-жылы мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов белгисиз жагдайда киши колдуу болуп, анын өлүмү боюнча Жаныш Бакиев башында турган мамлекеттик коопсуздук кызматтары айыпталган. Бул саясий өлтүрүүлөр Бакиевдин режиминин үй-бүлөлүк, кландык жана авторитардык башкаруусунун терс жактарын ачыкка чыгарган учурлар болуп калган. Анын баары 2010-жылы элдик толкундоолорго жеткирген.
2010-жылы апрелдеги ири элдик толкундоолорду басуу үчүн Бакиевдин режими күч колдонуп, Бишкекте демонстрацияга чыккан элге ок атылган. Анда 90дон ашуун адам каза болуп, миңден ашуун киши жарадар болгон. Бул окуялар Бакиевдин элдин колдоосун жоготуусуна жана анын бийликтен кулатылышына алып келди.
2010-жылы Кыргызстандагы элдик толкундоолордон кийин ал өлкөдөн качып, ошол эле жылы Беларуска баш калкалаган. Беларус президенти Александр Лукашенконун колдоосу менен Бакиев беларус жарандыгын алып, ошондон бери Минскиде жашайт.
Ал Кыргызстанда адам өлүмү жана башка оор кылмыштар үчүн сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрү бир нече оор кылмыштар жана коррупциялык иштер боюнча узак мөөнөткө сыртынан соттолушкан.
Ал Кыргызстандагы саясий турмушка такыр аралашпай калган, бирок кээде өлкөдөгү окуялар жана саясий процесстер боюнча пикирин билдирип калат.
Быйыл Бакиевдин 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө арналган фабриканын курулушуна 1 миллиард сом бөлүп берип жатканы тууралуу маалымат чыккан. Бул коомдо нааразылык жаратып, бакиевчилерди актоо аракети катары сынга алынган. Айрымдар бул долбоордун артында Бакиевдин өлкөгө кайтаруу максаты турат деп нааразы болушкан.
Кол тийбестигинен ажыраган Атамбаев
Кыргызстандын төртүнчү мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 2011-2017-жылдар аралыгында Кыргызстанды башкарган жана мөөнөтүн тынчтык жол менен өткөрүп берген президент болгон. Бирок анын мурдагы санаалашы, президент Сооронбай Жээнбеков менен мамилелери бузулуп, тергөө иштерине байланыштуу экс-президент макамы 2019-жылы Жогорку Кеңеш жокко чыгарган. Бул чечим анын бийлик учурунда коррупцияга жана башка кылмыштарга аралашкан деген айыптоолордун негизинде кабыл алынган.
Атамбаев 2019-жылы августта камакка алынып, 2020-жылы коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Анын камалышы 2013-жылы кылмыш дүйнөсүнүн лидери деп эсептелген Азиз Батукаевди эрте бошотуу боюнча чыгарылган чечимге байланыштуу болду. Атамбаев бул айыптоолорду саясий куугунтук деп атаган. Ошондой эле ал 2019-жылы Кой-Таш айылындагы үйүндө каршылык көрсөтүп, коопсуздук күчтөрү менен болгон кагылышууда атайын кызматтын бир офицери курман болгон окуя боюнча да айыпталган.
Атамбаев 2023-жылы медициналык себептер менен абактан чыгарылып, Испанияга дарылануу үчүн учуп кеткен. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган.
Кыргызстанга кайтып келсе, соттук териштирүүлөр уланышы мүмкүн.
Сооронбай Жээнбековдун "экс-президент" макамы
2017-жылдагы шайлоодо утуп, Алмазбек Атамбаевден кийин президенттикке келген Сооронбай Жээнбековдун мыйзамда кепилденген "экс-президент" макамы бар. Ал 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин чыккан элдик нааразылыктардан улам бийликтен мөөнөтүнөн мурда кеткени белгилүү.
Шайлоонун жыйынтыктары бурмаланган деп эсептеген нааразы топтор 5-октябрда Бишкектин борбордук аянтында митинг уюштурушкан. Протесттерге катышкандардын саны бат эле миңдеген адамдарга жетип, өкмөттүк имараттарга, анын ичинен Ак үйгө жана Жогорку Кеңешке кирип барышкан. Шайлоо жыйынтыктары жокко чыгарылып, өлкөдө саясий башаламандык өкүм сүрдү.
Бул окуялардын жүрүшүндө оппозиция лидери Садыр Жапаров абактан бошотулган. Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов кызматынан кетип, Жапаров убактылуу премьер-министр болуп дайындалган.
Жээнбеков алгачкы күндөрү бийликте калып, саясий кырдаалды турукташтырууга аракет кылган, бирок массалык басымдын натыйжасында 15-октябрда кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Ал Кыргызстандагы бейпилдикти сактоо үчүн өз ыктыяры менен бийлигин өткөрүп берүүнү чечкенин айткан. Жээнбеков 15-октябрда кызматынан кетип, бийликти Садыр Жапаровго өткөрүп берген.
Бул окуялардын натыйжасында Кыргызстан жаңы президенттик шайлоолорду жана конституциялык реформаларды баштан өткөрдү. 2021-жылы Садыр Жапаров президент болуп шайланып, жаңы Конституция кабыл алынды, ал бийликти президентке көбүрөөк ыйгарым укуктарды берүү менен кайра түздү.
Азыркы учурда Жээнбеков Кыргызстанда жашаса да, активдүү саясатка аралашпай, негизинен коомдук окуялардан алыс турат. Ал расмий мамлекеттик иш-чараларда катышып келет, бирок төрт жылдан бери журналисттерге маек бере элек.
Быйыл жазында Жогорку Кеңештин депутаты, “Элдик” депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча депутаттардан кол топтоо жүрүп жатканын айткан.
“Президент, премьер-министр болуп отургандагы (Сооронбай Жээнбеков - ред.) мыйзам бузууларын тактап, кагаздардын баарын топтоп атабыз. Кол топтоо иштери бүтүп калды. 2020-жылы пандемия учурундагы келген каражат жана ал киши премьер-министр болуп турганда Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуу боюнча кагаздарды топтоп бүтүп калдык”, - деп айткан ал.
Депутат Түмөнбаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу демилгесин көтөрүп, депутаттык комиссия түзүү сунушун берген. Бирок бул демилге боюнча маселе кийин парламентте көтөрүлө элек.
Ошентип Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы октябрь айында элдик толкундоонун натыйжасында бийликтен кулатылганы менен, экс-президент деген макамын сактап келе жатат. Дал ушундай макам 2010-жылдагы март ыңкылабынан кийин өлкөнү башкарган Роза Отунбаевага да берилген.
Акаев, Бакиев жана Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетишинин негизги себептери – коррупция, бийликтин элден алысташы жана саясий-экономикалык кризистер болгону айтылат.
Ушул күнгө чейин постсоветтик мейкиндикте Кыргызстанда үч ирет элдик толкундоонун, Украинада эки, Грузияда жана Арменияда бирден элдик толкундоонун шары менен бийлик алмашты. Бул өлкөлөрдүн бийликтен куулган президенттери азыр кайда?
Украина: 2004-жылдагы "саргылт революция"
Украинаны 1994-2005-жылдары Леонид Кучма башкарып, 2004-жылдагы президенттик шайлоого ал өзү катышкан эмес. Ал жолку президенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деп эсептелип, элдик нааразылыктар жаралган. Шайлоодо алгач белгилүү саясатчы, орусиячыл талапкер Виктор Янукович жеңүүчү деп жарыяланган, бирок анын атаандашы, Батыш менен интеграцияны жактаган Виктор Ющенко жана тарапташтары шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай, көчөгө чыгышкан.
Кызып кеткен элдик толкундоолор Киевде жана башка чоң шаарларда масштабдуу митингдерге айланган. Анын натыйжасында элдин басымы менен шайлоо кайрадан өткөрүлүп, Ющенко жеңип чыккан.
"Саргылт революция" демократиянын бекемделишине түрткү берип, жаңы реформаларга жол ачкан. Ошентсе да, Ющенко жана анын бийлиги элдин ишенимин толук кандуу актай алган эмес, бул кийин кайрадан саясий туруксуздукка алып келген.
Виктор Янукович жана Евромайдан
Виктор Янукович 2010-жылы кайрадан президенттикке ат салышып, бул ирет негизги атаандашы Юлия Тимошенкону утуп чыккан. Анын жеңиши түштүк-чыгыш Украинадагы орусиячыл шайлоочулардын колдоосу менен камсыздалган. Президенттикке келгенден кийин Янукович Украинада бийликти борборлоштурууга жана Орусия менен саясий, экономикалык жактан тыгыз мамиле түзүүгө аракет жасаган.
Бирок анын башкаруусунда коррупцияга, авторитардык элементтердин күчөшүнө жана элдин демократиялык эркин талаптарын басмырлоосуна жол берилгени айтылып, оппозициянын сынына кабылган. Янукович Украинанын Евробиримдик менен интеграцияланышына каршы чыгып, Москва менен жакын мамилелерди күчөтүүгө басым жасаган.
Анын 2013-жылдын акырындагы бул чечими кыш чилдеде Украинадагы Евромайдан деп аталган нааразылыктардын башталышына себеп болду. Элдик көтөрүлүш учурунда ал демонстрацияларды күч менен басууга аракет жасап, бул 100гө жакын адамдын өлүмү менен коштолгон.
Янукович Украинадагы 2014-жылкы Евромайдан окуяларынан кийин өлкөдөн качып чыгып, учурда Орусияда жашоосун улантууда. Ал соңку кездери саясий турмушка такыр эле аралашпай, көбүнчө өзүнүн жеке жашоосу менен алектенип келет.
Учурда Украинада жана эл аралык соттордо ага каршы кылмыш иштери уланууда, ал эми Украинадагы мүлкү мамлекетке өткөн.
Орусиянын президенти Владимир Путин Януковичти бийликте турган кезинде катуу колдогон.
2014-жылы Януковичтин бийликтен кулатылышы Орусиянын Крымды аннексиялап, Украинадагы Донбасс аймагында согушту баштоосуна алып келген.
Ал эми 2022-жылы Орусия Украинага басып кирди.
Януковичтен кийин Украинада Петро Порошенко президент болду, ал эми 2019-жылдан бери өлкөнү Владимир Зеленский башкарууда.
Грузиядагы "Роза ыңкылабы"
Грузияны 1992-жылдан бери башкарган президент Эдуард Шеварднадзенин бийлиги 2000-жылдан кийин коррупцияга жана авторитардык башкарууга малынган деп, анын режимине каршы нааразылык күчөгөн. 2003-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары фальсификацияланды деген шек менен эл нааразычылык акцияларын уюштуруп, бул окуялар "Роза революциясына" айланган.
Жаш саясатчы Михаил Саакашвили баштаган оппозициялык күчтөр Шеварднадзенин бийликтен кетишин талап кылышкан. Ал элдик басымга туруштук бере албай, 2003-жылдын ноябрында отставкага кетүүгө аргасыз болгон.
Эдуард Шеварднадзе өмүрүнүн акыркы жылдарын Грузияда өткөрүп, узакка созулган оорудан улам 2014-жылы 7-июлда 86 жашында көз жумган.
Анын Грузиядагы жана эл аралык саясаттагы орду жана эмгеги талаштуу бойдон калды. Бирок ал дүйнөлүк тарыхта Советтер Союзун акыркы тышкы иштер министри катары аны реформалоого жана "кансыз согушту" токтотууга кошкон салымы менен белгилүү.
2003-жылы "Роза революциясынын" натыйжасында Михаил Саакашвили бийликке келген.
2004-жылдагы президенттик шайлоодо ал 96% добуш менен жеңип чыгып, Грузиянын батышчыл багыттагы саясий реформаларын баштаган. Анын бийлигинде бир катар реформалар жүргүзүлүп, коррупцияга каршы күрөш күчөтүлдү, бирок оппозицияга кысым жана адам укуктарынын бузулушу боюнча сындар дагы көбөйгөн.
Саакашвилинин экономикалык реформалары өлкөнүн ишкердик чөйрөсүн жакшыртса да, авторитардык башкаруу аракеттери жана 2008-жылдагы Орусия менен болгон согуш анын кадыр-баркын кетирген.
2012-жылдагы парламенттик шайлоодо оппозициялык "Грузин кыялы" партиясы бийликке келип, Саакашвилинин режими менен байланышкан бир нече кылмыш иштерин иликтей баштаган.
Азыр да Грузин парламентин жана өкмөтүн орусиячыл олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү түзөт. Оппозиция бийликтеги бул партияны Орусиянын кызыкчылыгы үчүн саясат жүргүзөт деп айыптап келет.
Саакашвили эки мөөнөт иштеген соң 2013-жылы президенттиктен кеткенде куугунтукка кабылганын айтып, көп өтпөй өлкөдөн чыгып кеткен. 2018-жылы ал Грузияда сыртынан алты жылга эркинен ажыратылган.
Саакашвили президенттиктен кеткенден кийин Украинага көчүп барып, жарандык алып, саясатка активдүү киришкен. 2015-жылы Украина президенти Петро Порошенконун чакыруусу менен Одесса облусунун губернатору болуп дайындалган. Бул кызматта ал коррупцияга каршы күрөшүп, реформаларды жасоого аракет кылган, бирок көп өтпөй ал Порошенко менен саясий келишпестикке туш болот. 2016-жылы Саакашвили кызматтан кетип, Порошенкону коррупцияны колдоп жатат деп айыптаган. 2017-жылы Порошенко Саакашвилинин украин жарандыгын жокко чыгарып, бул өз кезегинде чоң талаш-тартыштарды жараткан.
Андан кийин Саакашвили Польшага чыгып кеткен, бирок 2019-жылы жаңы президент Владимир Зеленский анын жарандыгын калыбына келтирип, кайрадан Украинанын саясий майданына кайтарган. 2020-жылы ал Украинадагы Улуттук реформа кеңешинин аткаруучу комитетинин жетекчиси болуп дайындалды. Бул кызматта ал өлкөдөгү коррупция жана саясий система менен күрөшүүгө жардам берүүнү убада кылган, бирок анын чектелүү ыйгарым укуктары жана жеке конфликттери бул аракеттердин толук ишке ашуусуна тоскоолдук кылган.
Саакашвили учурда Грузияда түрмөдө жатат. Ал 2021-жылы сегиз жылдык бозгундан өз эрки менен өлкөгө кайтып келип, саясатка аралашууга аракет кылган учурда камакка алынган. Учурда анын саламаттыгы начарлап, бир нече жолу ачкачылык жарыялап, ооруканада дарыланууда. Адам укугун коргоо уюмдары анын ден соолук абалы олуттуу экенин билдирип, медициналык себептерден улам бошотулушун талап кылышкан, бирок соттук инстанциялар бул өтүнүчтөрдү четке кагып келет.
Армения: Серж Саргсян кайда?
2018-жылы Армениянын орусиячыл президенти Серж Саргсян да “Баркыт революциясынын” басымы менен премьер-министрликтен отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Ал эки мөөнөттүк президенттик кызматынан кийин бийликти кармап калуу үчүн конституциялык өзгөртүүлөрдү киргизип, мамлекеттик башчылыктан кетип, өкмөт башчы катары бийликте калууга аракет кылганда, элдик нааразылык күчөй баштаган.
Оппозициячыл депутат Никол Пашинян башында турган нааразылык кыймылы чоң колдоого ээ болуп, 2018-жылдын апрель-май айларында массалык тынч митингдер өткөрүлгөн. Бул митингдердин натыйжасында Саргсян апрелде кызматтан кеткен. Ал эми Пашинян май айында парламенттик добуш берүү аркылуу премьер-министр болуп шайланган.
2019-жылы декабрь айынын башында Армениянын Атайын тергөө кызматы алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде Серж Саргсянга ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же ысырап кылуу беренеси боюнча айып таккан.
Саргсяндын өзү бул айыпка макул эмес жана аны саясий куугунтуктоо деп эсептейт. Саргсяндын партиялаштарынын пикири боюнча, бийлик мындай кадамдар менен коомдун көңүлүн көптөгөн актуалдуу көйгөйлөрдөн башка жакка бурууну каалайт.
2023-жылы 13-ноябрда прокуратура Саргсяндан болжол менен 1,2 миллион доллар өндүрүүнү талап кылган. Ал эми быйыл 31-майда сот мурдагы президенттин аракеттеринде кылмыш курамы жок деп, аны актаган. Бирок өткөн аптада - 17-сентябрда Армениянын Башкы прокуратурасы Саргсянга карата актоо өкүмүнө каршы сотко даттанды.
Анын үй-бүлөсүнүн айрым мүчөлөрүнө да коррупция жана мыйзам бузуу боюнча кылмыш иши козголгон.
Саргсян учурда Арменияда жашайт. Ал мурдагы бийликчил Республикалык партиянын лидери бойдон калып, партиянын ишине кийлигишип турат. Ошондой эле кээде журналисттердин суроолоруна жооп берип, айрым маанилүү майрамдарда элин куттуктап, билдирүү таратып турат.