Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Кыргызстан–Украина кызматташтыгы талкууланды


Жээнбек Кулубаев жана Андрей Сибига. Нью-Йорк. 2024-жылдын 23-сентябры.
Жээнбек Кулубаев жана Андрей Сибига. Нью-Йорк. 2024-жылдын 23-сентябры.

Кыргызстан менен Украинанын кызматташтыгы эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Андрей Сибиганын Нью-Йоркто, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын кезектеги сессиясы учурунда өткөн жолугушууда талкууланганын Кыргызстандын башкы дипломатиялык мекемеси 23-сентябрда билдирди.

Жолугушууда министрлер «эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана аны мындан ары кеңейтүү келечегин талкуулаганы» белгиленди.

«Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана өз ара кызматташтыкты тереңдетүү үчүн жаңы багыттарды издөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар өз ара алаканын пайдалуу багыттары боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти», - деп айтылды мекеменин маалыматында.

Сибига жолугушуу тууралуу Х социалдык түйүнүнө «Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен мазмундуу жолугушуу өткөрдүм. Эки өлкө ортосундагы мамилени жана диалогду өнүктүрүү жолдорун талкууладык. Соода-экономикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурдук. Украина Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилесин тереңдетүүгө кызыкдар» деп жазды.

Украина 2022-жылдын февралынан бери Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы күрөшүп келе жатат. Ошол жылдын 2-мартында БУУ Украинага каршы агрессия башталганы жөнүндө резолюция кабыл алып, аны 141 өлкө колдогон. Добуш берүүдөн карманган 35 өлкөнүн арасында Кыргызстан да болгон. Резолюцияда Орусия Украинанын аймагына кирген куралдуу күчтөрүн тез арада алып чыгышы, күч колдонууну токтотушу керектиги айтылган. Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин ошол жылдын 24-мартында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айткан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский быйыл 24-майда Харьков шаарында борборазиялык журналисттер үчүн уюштурулган брифингде Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлерин Тынчтык саммитинде көргүсү келерин айткан. Кыргызстан ага катышпай турганын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов DW агенттигине берген интервьюсунда билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG