Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Босния жана Герцеговинада акция уюштурган студенттерге кол салуу болду


Окуя Нови-Сад шаарынын университетинде болду.
Окуя Нови-Сад шаарынын университетинде болду.

Босния жана Герцеговинада нааразылыгын билдирип чыккан студенттердин арасынан экөө жараат алганын, окуя 23-сентябрда болгонун «Азаттыктын» балкан кызматы жазды. Нови-Сад шаарындагы университеттин студенттери ректоратынын алдына чогулуп турган кезде аларга кара кийинген белгисиз бирөөлөр кол салып, ур-токмокко алган.

Натыйжада аталган окуу жайдын философия факультетинде билим алып жаткан эки студент жараат алган. Университеттин администрациясы эч кандай расмий комментарий бере элек, айрым профессорлор жана кызматкерлер бул окуяны айыптап, кылдат териштирүү жүргүзүүнү талап кылышты.

Нааразылык акциясына чыккан жаштар, активисттер студенттик парламентке шайлоонун уюштурулушуна каршы пикирин айтып чыгышкан. Пикетти «Студенттер авторитардык башкарууга каршы» (STAV) деген топ уюштурган. Топтун мүчөлөрү шайлоого катышуучулардын тизмеси чектелип коюлганын, добуш берүү факультеттин Уставына жана Жобосуна ылайык жүргүзүлбөй жатканын айтып чыгышкан.

Окуяга карабастан шайлоо администрация уюштурган тартипте өттү.

Босния жана Герцеговина – Европадагы эң кедей өлкөлөрдүн бири, калкынын жарымын босниялык мусулмандар, үчтөн бирин сербдер, 15% хорваттар түзөт. Өлкө 1992-жылы мурдагы Югославиядан бөлүнүп, өз алдынча эгемендик алган мамлекет. Андан кийин аймакта тутанган согуштун жүрүшүндө мамлекеттин ичинде Серб Республикасы (Republika Srpska) түзүлгөн. Мындан сырткары өлкөнүн Брчко деген округу эл аралык башкарууда турат.

2022-жылдын декабрында өлкө Евробиримдикке талапкер макамын алган. (RK)

XS
SM
MD
LG