Үчүнчү Элдик курултай 20-декабрда өтөт

2022-жылы өткөн Элдик курултай.

Бишкек шаарында 20-декабрда үчүнчү Элдик курултай өтөт. 20-сентябрда президент Садыр Жапаров кол койгон тиешелүү жарлык “Эркин-Тоо” мамлекеттик гезитинин 24-сентябрдагы санына жарыяланды. Ага 700 делегат чакырылды.

Уюштуруу иштери менен Министрлер кабинети жана Президенттин иш башкармалыгы алектенет.

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам былтыр 24-июлда кабыл алынган. Ага ылайык, делегаттардын саны 1070тен 700гө чейин азайтылган. Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.

Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрь айында өткөн. (BTo)

Дагы караңыз

Өкмөт Элдик курултайдын делегаттарын бир жылга шайлоого каршы болдуПрезиденттин администрациясы жумасына эки жолу коомдук транспорт менен жүрүү демилгесин колдоду Сара Верт USAID уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси болуп дайындалдыЛиванда Израилдин соккусунан набыт болгондор 500 кишиге жакындадыBloomberg: Орусия 2025-жылы аскердик чыгымдарын 27% көбөйтөт