Президенттин администрациясы жумасына эки жолу коомдук транспорт менен жүрүү демилгесин колдоду

Бишкектеги троллейбустардын бири. Архив.

Президенттин администрациясы Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматкерлерди жумасына эки ирет - шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүү боюнча демилгесин колдоп, министрликтер менен мекемелерге ушул күндөрү коомдук транспортту гана колдонуу сунушун берди. Бул тууралуу шаардык бийликтин басма сөз кызматы билдирди.

Быйыл май айында экологиялык абалды жакшыртуу, коомдук транспорттун ишинин сапатына мониторинг жана талдоо жүргүзүлөт деген негизде Бишкек мэриясы кызматкерлерине жеке жана кызматтык автоунаасын пайдаланууга чектөө киргизген.

Ага ылайык, аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү муниципалдык кызматкерлер коомдук транспортту колдонууга милдеттүү. Бул эки күн автоунаа кыймылы эң көп болгон күндөр деп саналат. Шаар бийлиги бул талапты аткарбагандарга тартиптик чара колдонуп жатат.

Бишкекте тыгын маселеси курч турат. Мэрия билим берүү мекемелеринин иш тартибин өзгөртүү менен шаардагы жол тыгыны азайганын 12-сентябрда билдирген.

Социалдык тармактарда, коомчулукта, парламентте сентябрдан тартып тыгын азайбай, кайра күч алганын, мурда бат жетчү райондорго баруу үчүн азыр сааттап тыгында турушканын айтып, жазгандар, сүрөт-видеолорун жарыялагандар көп. Тыгын маселесин чечүү талабы парламентте да бир нече жолу көтөрүлгөн.

Бүгүнкү күнү шаарда каттамга 1200дөн ашуун автобус чыгып жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Сара Верт USAID уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси болуп дайындалдыӨкмөт Элдик курултайдын делегаттарын бир жылга шайлоого каршы болдуЛиванда Израилдин соккусунан набыт болгондор 500 кишиге жакындадыBloomberg: Орусия 2025-жылы аскердик чыгымдарын 27% көбөйтөтБалбан Акылбек Талантбеков спорттон төрт жылга четтетилди