Сара Верт USAID уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси болуп дайындалды

Сара Верт.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID - ЮСАИД) Кыргызстандагы миссиясынын жаңы директору болуп Сара Верт дайындалды.

Сара Верт буга чейин USAID уюмунун Нигериядагы миссиясынын директорунун орун басары болуп иштеген. Андан тышкары Тунис, Гондурас, Гватемала, Колумбия жана Бангладеш сыяктуу өлкөлөрдө да эмгектенген.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин маалыматы боюнча, уюм акыркы 20 жылдын ичинде Кыргызстанга 800 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.

Каражат бизнести жана сооданы алдыга жылдыруу, билим берүүнү жана айыл чарбасын жакшыртуу, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен саламаттыкты сактоону бекемдөөгө сарпталган. Ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө колдоо көрсөтүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Ливанда Израилдин соккусунан набыт болгондор 500 кишиге жакындадыBloomberg: Орусия 2025-жылы аскердик чыгымдарын 27% көбөйтөтБалбан Акылбек Талантбеков спорттон төрт жылга четтетилдиЛиван Израилдин соккусунан 274 киши каза болгонун билдирдиTelegram бийлик талап кылса колдонуучунун IP дарегин жана телефон номурун ачыктайт