Bloomberg: Орусия 2025-жылы аскердик чыгымдарын 27% көбөйтөт

Орусиянын президенти Владимир Путин жана аскердик жетекчилер.

Bloomberg агенттиги 2025-2027-жылдарга федералдык бюджеттин долбоорун изилдеп чыгып, 2025-жылы Орусия аскердик чыгымдарын быйылкы жылга салыштырмалуу 27% көбөйтүүнү пландап жатканын жазды.

Ага ылайык, Орусиянын коргоо тармагына кеткен чыгым 13,2 триллион рублди түзүшү керек (2024-жылы ал 10,4 триллион болгон). Бул Орусиянын жалпы ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) 6,2% түзөт.

Жалпысынан улуттук коргонууга жана улуттук коопсуздукка кеткен чыгым өлкөнүн 2025-жылга карата жалпы бюджетинин 40% жакынын түзөт. Бул өлкөнүн билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык тармакка бөлүнгөн каражаттан да көп.

Бюджеттин жашыруун бөлүгү 12,9 триллион рублди түзүшү керек (2024-жылы жашыруун беренелерге 11,1 триллион рубль бөлүнгөн). Бул жалпы бюджеттин 30% жакынын түзөт. (BTo)

Дагы караңыз

Ливанда Израилдин соккусунан набыт болгондор 500 кишиге жакындадыБалбан Акылбек Талантбеков спорттон төрт жылга четтетилдиTelegram бийлик талап кылса колдонуучунун IP дарегин жана телефон номурун ачыктайтТажикстанда электр энергиясына чектөө киргизилдиFIDE Орусия жана Беларус боюнча сунушту колдогон жок 23-сентябрь: Ишкерлерди текшерүүнүн жол-жобосу, Тажикстанда электр жарыгына чектөө киргизилди