Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

23-сентябрь: Ишкерлерди текшерүүнүн жол-жобосу, Тажикстанда электр жарыгына чектөө киргизилди


Кыргызстандагы ишканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы ишканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

23-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Ишкерлерди мыйзамсыз текшергендерди айыпка жыгуу сунушталды

Министрлер кабинети ишкердикти текшерүүнүн жол-жобосун аныктаган мыйзам долбоорун сунуштады. Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев айткандай, мамлекеттик мекемелер ишкерлерди текшерүү үчүн алгач прокуратура органдарына кайрылышы керек. Көзөмөл органы кайрылууну карап чыгып, текшерүүгө негиз болсо, атайын реестрге каттайт. Мамлекеттик органдан катталбай туруп ишкерлерли текшергендер үчүн Укук бузуулар кодексинде 15 миң сом айып салуу, Кылмыш-жаза кодексинде 300-500 миң сом айып салуу же эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Ысык-Көл айланма жолуна дагы насыя алынат

Кыргыз өкмөтү Ысык-Көл айланма жолунун Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки 75,2 чакырымды түзгөн бөлүгүн салыш үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 109,5 млн доллар алат. Анын ичинен 87 млн доллары насыя, калган 22,2 млн доллары грант катары берилет. Насыяны 32 жылда кайтарып бериш керек. Биринчи сегиз жылда жеңилдетилген мөөнөт берилип пайыздык чен 1% болот, андан кийин 1,5% көтөрүлөт. Расмий маалымат боюнча, Ысык-Көл айланма жолунун жалпы узундугу 440 чакырымды түзөт. Ушул тапта жолдун 332,8 км реконструкция иштери жүрүп жатат. Айланма жолдун курулушу 2028-жылы толук бүткөрүлөт деп пландалууда. Буга чейин бул жолдун курулушуна эл аралык фонд, банктардан насыя алынган.

Зилалиев үй камагына чыкпаганы белгилүү болду

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин адвокаты Самат Матцаков анын коргоосундагы адам үй камагына чыкканы тууралуу маалыматты төгүндөп, ал Бишкектеги №1 тергөө абагында эле жатканын айтты. Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Зилалиев тергөө бүткөнгө чейин үй камагына коё берилгенин жазышкан. Зилалиев менен Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбеков кармалганы 12-сентябрда белгилүү болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аларды лицензия берүүдөгү жемкорлукка айыптап жатканын “Азаттыкка” атайын кызматтагы булактар билдиришкен. Азырынча расмий маалымат бериле элек. Шектүүлөр анык кайсы ишке байланыштуу колго түшкөнү беймаалым. Адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек.

Кыргыз тилинин мамлекеттик макамга ээ болгонуна 35 жыл

Кыргыз тили мамлекеттик макам алганына быйыл 35 жыл болду. 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. 2023-жылы 17-июлда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт. Өлкөдө “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзам толук сакталбай жатканы тууралуу коомчулукта сын-пикир айтылып келет.

Израил Ливандын түштүк аймагына абадан ондогон соккуларды урду

Ливандын түштүгүндөгү шаар-кыштактардын тургундары чабуулга кабылган жерлерден тартылган сүрөт-видеолорду социалдык түйүндөргө жарыялап жатышат. Өлкөнүн Улуттук маалымат агенттиги да бир нече райондон алынган маалыматтарга таянып, авиачабуулдар тууралуу кабарлады. Израил армиясынын өкүлү арабча жарыялаган билдирүүсүндө бул соккулар "Хезболлага" каршы багытталганын билдирди. Израил 7-октябрдагы хамасчылардын кандуу чабуулунан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ЦАХАЛ Газада ХАМАСка жана Ливан менен чек арасында ХАМАСтын өнөктөшү "Хезболлага" каршы согушууда.

Украина Запорожьеде Орусиянын чабуулунан 13 киши жараат алганын билдирди

Ички иштер министрлиги бир нече имараттан адамдар эвакуация кылынганын, Орусия КАБ бомбаларын колдонгонун билдирди. Облус губернатору Иван Федоров кээ бир жерлерде өрт чыкканын, жалпысынан соңку суткада бул аймактын 12 калктуу пунктуна абадан жана жерден 363 жолу сокку урулганын кабарлады. Бир күн мурда Орусиянын ушундай эле чабуулуна түндүк-чыгыштагы Харьков шаары кабылып, айрым жерлерде көп кабаттуу үйлөр кыйраган, 21 киши жараат алган.

Пакистан талибдери дипломаттар колоннасына жасалган кол салууга тиешеси жоктугун билдиришти

22-сентябрда жол боюнда бомба жарылып, Сват районунда уюштурулган жолугушуудан кайтып келаткан чет элдик дипломаттардын делегациясын коштоп жүргөн полиция кызматкерлеринин машинасы зыянга учурап, кеминде бир офицер каза болгон. Колоннада Орусия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Босния жана Герцеговина, Вьетнам, Эфиопия, Руанда, Зимбабве, Индонезия жана Португалиянын өкүлдөрү бараткан. Дипломаттар Сватта туризм тармагын өнүктүрүү боюнча жергиликтүү ишкерлер менен жолугушуудан кайтып келатышкан. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек, бирок пакистандык талибдердин "Техрик-е Талибан" деген аталыш менен белгилүү тобунун өкүлү Мохаммад Хурасани билдирүү жасап, алардын тиешеси жоктугун айтты.

Тажикстанда электр энергиясына чектөө киргизилди

«Барки тожик» мамлекеттик энергохолдинги эки күн мурда атайын билдирүү таратып, быйылкы кыш өтө суук жана узак болорун, элге электр жарыгы 22-сентябрдан тартып чектелип бериле баштай турганын эскерткен. Мекеме проблеманын себеби катары суунун жетишсиздигин, калктын көбөйүшүнөн улам керектөө да өскөнүн атап, элди кышка жакшы даярданууга, электр энергиясын үнөмдөп пайдаланууга чакырды. Социалдык түйүндөрдө тажикстандык колдонуучулар Дүйшөмбү, Гиссар жана башка бир катар шаарлардын айрым маалелеринде жергиликтүү тургундар электр жарыгы өчкөнү тууралуу маалыматын жарыялап, өлкө эгемендикке ээ болгон 30 жылдан бери бул маселе таптакыр чечилбей келатканына нааразылыгын айтып жатканын көрүүгө болот. Мурдагы жылдары мындай чектөө октябрь айынан тартып жарыяланчу.

XS
SM
MD
LG