"Уруксатсыз жүргөндөрдүн тизмеси түзүлөт". Орусия мигранттарга жаңы чектөө киргизүүдө

Орусия. Москванын четиндеги "Сахарово" борборунда документ үчүн кезек күткөн мигранттар. Архив

Орусияда жаңы жылдан тарта мигранттар тейлөө тармагындагы ишмердиктин бир катар түрлөрү менен алектене албай калат. Орус бийлиги уруксатсыз жүргөн чет элдиктердин атайын реестрин түзүп жатканын жарыялады. Улам катаалдашып жаткан талаптар жана жаңы чектөөлөрдүн кесепети кандай болот?

Орусиянын кезектеги эрежеси

Орусиянын Москва облусу жаңы жылдан тартып мигранттарга ишмердиктин бир катар түрлөрү менен алектенүүгө тыюу салууну көздөп жатат. Облустук бийликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, эмгек мигранттары мындан ары тейлөө тармагында иштей албай калат.

"1-январдан тартып алкоголдук ичимдик жана тамеки сатуу, стационардык эмес соода жайларында көчө тамагын сатуу, социалдык тейлөө тармактарында, ошондой эле спорт, маданият, эс алуу, саламаттык сактоо, билим берүү жаатында патент боюнча чет элдик жумуш күчүн тартууга тыюу салуу талабы күчүнө кирет", - деп билдирди мекеме.

Москва облусунун өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Наталья Маслёнкина мындай чечимдин кабыл алынышына жергиликтүү тургундардан чет элдиктердин ишине байланыштуу түшкөн арыз-даттануулар көбөйгөнү себеп болгонун айтты. Муну ыктымал чыр-чатактарды азайтуу аракети деп атады. Анын айтымында, Москва облусу келечекте Орусиянын патент менен иштөөгө таптакыр тыюу салган жыйырмадан ашуун аймагынын катарына кошулууну көздөйт.

Борбор Азиядан барган жарандардын арасынан Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары Орусияда патент менен иштейт. Мындан улам Орусияда эмгектенген Кыргызстандын жарандары бул сунуш аларга таасирин тийгизбейт деп үмүттөнүп турушат.

"Орусияда иш орун көп, жумушчу тартыш"

Тазагүл Москвада тамак-аш тармагында эмгектенет. Мигранттар арасында ушундай чектөө кирет деген кеп-сөз айтылган менен, азырынча Кыргызстандын жарандарын иштен алган учурлар боло электигин айтып берди:

"Жаңы мыйзам күчүнө кирет деп айтып жатышат. Азырынча иштеп жатабыз, жетекчилердин эч кимиси эч нерсе дей элек. Биздин жарандарга таасири тийбесе керек деген ойдомун. Ансыз деле учурда иш орундары көп, көбүнчө Кыргызстандын жарандарын ишке алышат. Өзбек, тажик жарандарын ишке алышпайт, "Крокустагы" окуядан кийин жапырт иштен айдоо күчөгөн. Жумуш орундары мурдагыга караганда көп, биздикилер тандап иштеп калды".

Дагы караңыз

"Орун жок дешти". Мектепке кире албаган мигрант балдары

Орусияда мигранттарга карата рейд, текшерүүлөр токтой элек.

"Азаттык" өзүн Турду деп тааныштырган кыргызстандык мигрант менен байланышканда, ал, тескерисинче, өлкө боюнча чоң рейддер башталганын билдирди. "Ноябрда мобилизация жарыяланат экен" деген сөздөн улам көптөгөн мигранттар мекенине кайтып жатканын кошумчалады:

"Сунушталып жаткан чектөөлөр бизге таасирин тийгизбейт го деп жатышат. Бирок анча-мынча таасири бизге деле тийип калууда. Такси кызматында деле кайра сезилип жатат. Дагы рейд башталды, Красноярск, Свердлов облусунда аябай катуу рейддер болуп жатат. Подмосковьеде чоң ашканада текшерүү болгонун уктук. Ноябрда мобилизация болот, ошого даярдашат деп угуп жатабыз. Орус жарандыгы бар болсо да каттоого турбай жүргөндөрдү, жарандыгы жокторду азгырып, келишимге кол койдурган учурлар көп болуп жатпайбы. Менин таанышым согушка кетип, алты ай жүрүп келди. Бир барганда чакыра берет экен, экинчи жолу дагы чакыруу келгенде качып кетти. Ал жакта абдан коркунучтуу экен, "мындайды эч кимге каалабайм, алты ай мен үчүн азап болду, алты жыл өткөргөндөй болдум" деп кетип калды".

Мигранттарга карата жаңы чараларда эмне камтылган?

Орусиянын ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой "Коммерсант" басылмасына курган маегинде Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирген. Ал уруксатсыз жүргөн чет элдиктердин атайын реестри түзүлөрүн, ага илинген мигранттар машине айдоо, банк кызматынан пайдалануу, менчик укуктарын каттоого тургузуу, нике документтерин алуу, балдарын бала бакчага жана мектепке орноштуруу укугунан ажырай турганын айткан.

Орусия ИИМинин маалыматына караганда, учурда бул өлкөдө 6,2 миллиондой чет элдик жаран бар. Алардын көбү Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Беларус, Украина, Армения, Азербайжан, Казакстан, Кытай жана Түркмөнстандын жарандары.

Горовойдун айтымында, бүгүнкү күндө Орусияда чет өлкөлүктөрдүн 9% – мыйзамсыз жүргөн мигранттар, алардын жалпы саны 739 миңдин тегерегинде. Көпчүлүгү Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Армения жана Азербайжандын жарандары. Соңку жылдары Орусияда мыйзамсыз миграция кыйла төмөндөй баштаганын белгилеген Горовой 2022-жылы чет өлкөлүктөр арасынан уруксатсыз жүргөндөр 30% болгонун белгилеп, кыскарууну "бардык деңгээлдердеги бийлик органдарынын биргелешкен олуттуу ишинин натыйжасы" деп атады.

Быйылкы жылдын биринчи жарымында 100 миңге жакын мигрант Орусиядан чыгарылганы, бул былтыркы жылдын биринчи жарымындагы көрсөткүчтөн 50% көп экени белгилүү болду.

Орусиянын ИИМинин эсеби боюнча, 1-сентябрга карата 263 миңге жетпеген Кыргызстандын жараны ушул өлкөдө жүрөт.

Коомдук ишмер, Москвадагы Кыргыз диаспорасынын жетекчилеринин бири Улан Кошматов Орусияда иштеген кыргызстандыктардын саны азайганын ырастоодо:

"Тейлөө тармагында Тажикстан, Өзбекстандын жарандары патент менен иштейт. Ошолорду кетирип, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарын алат. Ал эми Кыргызстандын жарандары Москва, жалпы эле Орусия боюнча азайганы байкалып жатат. Көпчүлүгү мекенге кайткан. Айрымдары Америка, Европа, Англияга кетип жатышат. Чындыгында биздин мекендештер азайып калды".

Мигранттардын Орусиядан кетишине орус-украин согушуна байланыштуу мобилизация, мигранттарга каршы текшерүүлөр, рублдун кунунун түшүшү сыяктуу жагдайлар себеп болууда.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жайында Орусиядан 1,5 жылда 400 миңдей кыргызстандык кайтканын, алардын айрымдары кайра башка өлкөгө чыгып кеткенин билдирген.

Дагы караңыз

“Кайткыла, иш бар”. Кыргыз бийлиги мигранттарды чакырды
  • Быйыл жазында Москва аймагында "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган. Жер-жерлерде ар кандай рейддер уюштурулуп жатат. Ички иштер министрлигинин быйыл жыл башынан берки расмий маалыматына караганда, 65 миңден ашуун чет өлкөлүк чыгарылган, 120 миңдей кишиге Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган. Мигранттардын кирген агымы соңку он жылдан бери эң төмөнкү көрсөткүчкө түшкөнүн экономисттер жумуш күчүнүн жетишсиздигине байланышкан кризис менен түшүндүрүп жатышат.
  • Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. 2022-жылы бул көрсөткүч 587 миң болгон. Андан мурдагы бейрасмий статистикаларда Орусияда эмгектенген кыргызстандыктардын саны миллиондун тегерегинде деп айтылып келген.