Балбан Акылбек Талантбеков спорттон төрт жылга четтетилди

Аккылбек Талантбеков.

Эл аралык тестирлөө агенттиги (International Testing Agency) грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акылбек Талантбековду спорттон төрт жылга четтетти. Бул чечим агенттиктин сайтына жарыяланды.

Анда спортчуну 2023-жылдын 10-апрелинде текшергенде колдонууга тыюу салынган “метастерон” заты табылганы айтылат. Ал алгач 2023-жылдын 12-июнуна чейин мелдештерден четтетилип, кийин териштирүүнүн жыйынтыгы менен 2027-жылдын 11-июнуна чейин дисквалификация болгон.

24 жаштагы Акылбек Талантбеков былтыр 10-апрелде Казакстандын Астана шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медал уткан. Ал 82 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, үч атаандашын жеңген. Чейрек финалда Рохит Дахияны (Индия) 7:1 эсебинде, жарым финалда Алиреза Мохмадипианини (Иран) 8:0 эсебинде уткан. Финалдык беттеште казакстандык Диас Кален менен күч сынашып, 3:2 эсебинде жеңип, Азия чемпиону болгон.

Акылбек Талантбековдон кызытма чыкты деген жүйө менен анын алтын медалы Диас Каленге берилди.

Бул окуя тууралуу балбан өзү, Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети, Дене тарбия жана спорт департаменти да комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкек шаардык соту Ташовдун иши боюнча адвокатынын апелляциялык арызын четке какты Социалдык комитет Санарип кодексинин долбоорун биринчи окууда жактырдыМинистр: сыналгы, муздаткычы бар үй-бүлөлөргө жөлөк пул берилбейт деген туура эмес Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугуштуУкраинанын президенти Владимир Зеленский АКШга бардыКыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 19% чейин түшкөнү айтылды