Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:13

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШга барды


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-сентябрда Нью-Йорк шаарына (АКШ) барды. Бул тууралуу ал жекшемби күнү кечинде Х (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды. Украин президенти ушул аптада Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөйт деп күтүлүүдө.

Андан тышкары 26-сентябрда Вашингтондо АКШнын президенти Жо Байден менен жолугуша турганы кабарланган. Ошондой эле АКШнын вице-президенти жана демократтардан президенттикке талапкер Камала Харрис да Зеленский менен өзүнчө жолугушуу өткөрөт. Лидерлер Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун абалын, анын ичинде Украинанын стратегиялык пландарын жана АКШнын Украинаны коргоодогу колдоосун талкуулашат.

Владимир Зеленский АКШга сапар учурунда президенттикке республикачылардан талапкер Дональд Трамп менен да жолугушууну пландап жатканы айтылган.

Украинанын президенти АКШга баратканда жазган видеокайрылуусунда “бул согушта мындан ары эмне болору ушул күздө чечилет” деп билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG