Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 23-сентябрдагы жыйынында Санарип кодексинин долбоору сунушталды. Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева буга чейин санарип жаатында бир катар нормативдик актылар кабыл алынганы менен бул тармакта көз жаздымда калган маселелер бар экенин белгиледи. Мындай жетишпестик өлкөдө санариптик трансформацияны жүргүзүүгө тоскоол болуп жатканын түшүндүрдү.
Документ санарип тармагындагы бирдиктүү норма катары иштейт. Буга чейин ыйгарылган лицензиялар, түзүлгөн келишимдер, берилген жыштыктар жана башка кызматташуулар кодекс ишке киргенден кийин да күчүндө калат.
Кодексте жеке маалыматтарды коргоо боюнча жаңы ыкмалар кирери, жасалма интеллектти өнүктүрүүдө эркиндик бериле турганы жазылган.
“Бул санариптик экономиканы өнүктүрүү үчүн баштапкы чекит болуп калат. Бул милдетти ийгиликтүү ишке ашыруунун жыйынтыгы экономикалык өсүшкө оң таасир этип, мамлекет жана жеке тармакта кызмат көрсөтүүнү жакшыртат”, - деди Кутнаева.
Комитет Санарип кодексинин долбоорун биринчи окууда жактырды. Долбоор эми Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинде каралат.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылдын августунда Кыргызстандын Санариптик кодексинин долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров бул кодекс 2024-жылдын соңуна чейин кабыл алынарын билдирген.
Санарип кодекси өлкөдөгү санариптик тармактын бирдиктүү документи болот жана анын ишке кириши менен электрондук башкаруу, кол тамга, жарандарды биометрикалык каттоо, жекече мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө жана санарип башкарууга тиешеси бар 30дай мыйзам жана андагы айрым беренелер күчүн жоготот.