Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:14

Бишкек шаардык соту Ташовдун иши боюнча адвокатынын апелляциялык арызын четке какты


Имамидин Ташов. УКМК тараткан сүрөт.
Имамидин Ташов. УКМК тараткан сүрөт.

Бишкек шаардык соту 23-сентябрда “KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун иши боюнча ишкердин адвокатынын Бишкектин Биринчи май райондук соту четке каккан өтүнүчтөрү боюнча апелляциялык арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Имамидин Ташовдун жактоочусу Самат Матцаков билдирди.

Ал Биринчи май райондук сотунда баштапкы соттук угууда Имамидин Ташовдун бөгөт чарасын өзгөртүп эркиндикке чыгаруу, кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин талаптарын бузуу менен чогултулган метериалдарды иштен алып салуу боюнча өтүнүчтөрдү берген. Сот бардыгын четке каккан. Буга байланыштуу Самат Матцаков Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берген.

Имамидин Ташовдун иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 23-августта карала баштап, 26-августта баштапкы соттук угуу аяктаган. Эми иштин өзүн кароо башталат. Азырынча соттук жараян дайындала элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. Сот аны атайын кызматтын тергөө абагына камакка алып, бөгөт чарасы узартылып келатат.

УКМК Имамидин Ташов “бийликти басып алуу максатында, калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган” деп маалымдаган.

Имамидин Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде 2023-жылдын октябрында да кармалып, 52 млн сом төлөп бергенден кийин ошол эле жылдын 8-декабрында үй камагына чыккан.

2024-жылдын 9-январында социалдык тармактарга анын видео кайрылуусу жарыяланган. Анда ал былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын айткандарын четке каккан.

Бир күндөн кийин, 10-январда атайын кызмат Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. Имамидин Ташов издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен телефондон сүйлөшүп, өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөшкөнүн кабарлаган. Андан тышкары ишкерге алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын кошумчалаган.

Ишкер УКМКнын маалыматтарынан кийин кайрадан кайрылуу жасап, коюлган айыптарды четке кагып, ал ээлик кылган компания баштаган курулуштарды аягына чыгарып берүүгө аракет кылып жатканын айткан.

“KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов 2021-жылы президенттик шайлоого катышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG