Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 19% чейин түшкөнү айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылы Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү ички дүң өнүмгө (ИДӨ) карата 19% деп эсептелди. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин 23-сентябрдагы жыйынында айтты.

Анын сөзүнө караганда, көмүскө экономиканын үлүшү 2021-жылы 21%, 2022-жылы 20,2% болгон. Ал алдыда анын үлүшүн 10-15% чейин түшүрүү планы коюлганын кошумчалады.

Депутат Алишер Эрбаев өкмөттүн көмүскө экономиканын үлүшү боюнча маалыматы ар кандай болуп жатканын билдирди. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 2023-жылдын декабрь айында көмүскө экономиканын үлүшү 30% чейин жетерин кабарлаган.

Буга чейинки ар кандай изилдөөлөрдө көмүскө экономика 40-50% түзөрү айтылып келген.

Мамлекеттик органдарга ишмердиги тууралуу маалыматы түшпөгөн товарларды алып-сатуу жана кызмат көрсөтүүлөр көмүскө экономика деп аталат. Бийлик бул маселени чечүү үчүн ККМ, ЭТТК жана ЭЭФти киргизди.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)

Дагы караңыз

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШга бардыСадыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугуштуКыргыз тилинин мамлекеттик макамга ээ болгонуна 35 жыл болдуЖапаров Нью-Йоркто Кыргызстан "жашыл" экономикага өтүүдө ийгиликке жеткенин айтты Сузактагы кайра шайлоодо Алтынбек Кылычбаев алдыга чыктыИзраилдин президенти Ливандагы жарылуу боюнча айыптоолорду четке какты Москвада жакындарын согуштан кайтарууну талап кылган аялдар кармалды