Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Кыргыз тилинин мамлекеттик макамга ээ болгонуна 35 жыл болду


Кыргыз тили окуу китептери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз тили окуу китептери. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 35 жыл болду. 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.

Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил. Мындан тышкары Кыргызстанда орус тили расмий тил деп эсептелет.

2023-жылы 17-июлда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.

Мындан тышкары, шайлоо, референдумга даярдык, аны өткөрүү, соттук өндүрүштөр, сот жараяндары, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын иши кыргыз тилинде болот. Эл аралык келишимдерди түзүү, ченемдик актыларды иштеп чыгуу, документтерди жүргүзүү, менчик жана мамлекеттик мекемелердин аталыштары, географиялык аталыштар, товардык белгилер, фирма, компаниялардын аталыштары да мамлекеттик тилде болушу кажет.

Мыйзамдын 32-беренесине ылайык мамлекеттик тилди билүүгө тийиш болгон, ошондой эле аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү кызматкерлердин тизмеси аныкталган. Ага депутаттар, Улуттук банктын, күч органдарынын кызматкерлери, соттор, прокурорлор, адвокаттар, нотариустар, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, дарыгерлер жана башкалар киргизилген.

Өлкөдө “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзам толук сакталбай жатканы тууралуу коомчулукта сын-пикир айтылып келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG