Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Сузактагы кайра шайлоодо Алтынбек Кылычбаев алдыга чыкты


Алтынбек Кылычбаев. Сүрөт БШКдан алынды.
Алтынбек Кылычбаев. Сүрөт БШКдан алынды.

Жогорку Кеңештеги бир мандаттуу №13 Сузак округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо 10 миң 174 добуш менен талапкер Алтынбек Кылычбаев алдыга чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, Алтынбек Кылычбаев 10 174 (48.32%) добуш алды. Андан кийин Медербек Сапарбаев 3280 (15.58%), Жыргалбек Сейдахматов 2 493 (11.84%), Мелисбек Кошалиев 2 435 (11.56%), Асилбек Арапбаев 1 351 (6.42%), Юлия Лилиенталь 749 (3.56%), Бейшенбек Бегматов 212 (1.01%) добуш алышты.

Бул округда 81 шайлоо участогу ачылып, 124 429 шайлоочунун тизмеси такталган. Жалпы добуш берүүгө 21 миң 057 (16.92%) катышты.

Эң көп добуш алган 47 жаштагы Алтынбек Кылычбаев “Жалал-Абад” санаториясынын директорунун орун басары. 2011-2012-жылдары Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде иштеген. 2015-жылы “Республика – Ата-Журттун” партиясынан парламенттик шайлоого катышкан.

Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшыруу тууралуу арыз жазган. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын карап, мандатынан ажыраткан. Икрамов өзү ушундай чечимге келгенин Фейсбукка жазган. "Азаттыкка" айрым депутаттар "ал атайын кызматка суракка барганын" айтышкан.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышында ушуну менен жалпы 20 депутат мандатын тапшырды.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламентти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG